Turmush — Ош технологиялык университетинде 9-11-класстардын окуучуларынын арасында сынак болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
«Үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдалануу: Кыргыздын тойлорун жана үрп-адаттарын ыраатташтыруу боюнча ойлор жана толгоолор» аттуу эссе сынагы экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылды. Бул сынак ысырапкорчулукту жоюу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдалануу максатында өткөрүлүп, Ош шаарынын жана райондордун мектептеринин окуучулары катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Билим лицейинин окуучусу Ханмырза Молдошбеков, 2-орунду №33 С.Алыкулов атындагы мектебинин окуучусу Сезимгүл Токтосинова, ал эми 3-орунду №29 И.В.Панфилов мектеп- гимназиясынын окуучусу Муслимоай Шүкүркулова камсыз кылышты. Жеңүүчү командалар уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланды.