Turmush — «Альянс Алтын» компаниясы акырындык менен Жерүй кениндеги техникаларды жаңыртып, кеңейтүүдө.
Маалым болгондой, 2023-жылдын башынан бери техникалары «Hitachi EX1200-7» экскаватору жана 2 «Caterpillar 773E» тоо-кен жүк ташуучу унаалары менен толукталды. Алар буга чейин иштетилип келген 2 экскаватор жана 11 самосвалга толуктоо болду. Монтаждоо жумуштары учурунда жана экскаваторлорду, автосамосвалдарды пайдаланууда олуттуу көйгөйлөр жаралган жок. Бул автотранспорттор оор шарттарда колдонууга ылайыкташтырылган.
«Кенди ачык жол менен казуу башталгандан бери «Hitachi» экскаваторлору жана «Caterpillar» тоо-кен казуучу машиналары жакшы иштегенин көрсөттү. Бул унаалар жогорку өндүрүмдүүлүк менен тоо тектеринин 1 куб метрине күйүүчү майдын аз чыгымдалышы жана кырсыктын төмөндүүлүгү менен айырмаланат. Автотранспортторду колдонуудагы маанилүү фактор болуп жабдууларды колдонуунун жогорку коэффициенти болуп саналат. Бул техника бизди ара жолдо калтырбайт», - деди Талас алтын кен комбинатынын башкы механигинин орун басары Тимур Оторбаев.
«Caterpillar Mining Trucks» айдоого эң мыкты жана ыңгайлуу иштөө шарттары бар жогорку өндүрүмдүү жүк ташуучу унаалар. Алар техникалык жана экологиялык коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берет жана абдан ишенимдүү. Кыймылдаткычты жана редукторду электрондук башкаруу унаалардын натыйжалуулугун жогорулатат, кызмат мөөнөтүн узартат жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтат. 773E үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа бийиктикте иштөө үчүн өндүрүлгөн. Кабиналары оодарылып кетүүдөн жана кулаган нерселерден корголгон.
«Hitachi EX1200-7» экскаватору - бул өтө интеллектуалдык жана татаал инженердик чечимдерди айкалыштырган уникалдуу модель. Ал экологиялык стандарттарга шайкеш келип, зыяндуу бөлүнүп чыгарылган заттарды азайтуу системасы менен иштейт.
Учурда «Альянс Алтын» техникаларын жаңыртуу менен гана чектелбестен, анын санын көбөйтүүдө. Ага ылайык жаңы жумуш орундары да түзүлүүдө.