Turmush — Ош технологиялык университетинде жогорку окуу жайлардын студенттери арасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларды болтурбоо жана адамдар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында окуу жайдын интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринен куралган жыйырма команда катышкан интеллектуалдык оюн уюштурулду.
Мында командалар берилген суроолорго жооп беришип, сынактын шартына ылайык талаптарды аткарышты. Негизинен жаштар арасында орун алып жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, аларды чечүүнүн жолдору жана учурдун талабына ылайык билим берүүгө арналган суроолор берилди.
Оюндун жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун «No name» командасы, 2-орунду ОшМПУнун «Билим кемеси» командасы, ал эми 3-орунду КУУнун «АК-47» командасы камсыз кылышты. Жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.