Turmush — Ош шаарында күйүүчү майга болго баа арзандады. Turmush басылмасынын кабарчысы бааларды тактады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бензинге болгон баа бир топ арзандады. Мындан эки күн мурун 72 сомго чейин бааланып жаткан.
Өзүн Баймат деп тааныштырган айдоочу: «Буга чейин АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди 70 сомдон куйчумун. Кечээ 57,90 сомдон куйдум. Бензиндин баасы 12-13 сомго арзандады», - деди.
Ал эми Санжар аттуу айдоочунун айтымында, күйүүчү майдын АИ-95 түрүн 72 сомго чейин куюп келген. Бүгүн бул үлгүдөгү бензин 65 сомго бааланууда.
Май куюучу жайлардагы баа:
- АИ-92 (SUPER — жакшыртылганы) – 58,90;
- АИ-95 – 64,90;
- АИ-92 – 57,90;
- дизелдик отун – 74,90;
- газ – 29,90.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.