Turmush — 2023-жылдын 1-январынан тартып Министрлер кабинетинин ОСАГО полиси боюнча токтому күчүнө кирди.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган органга транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө камсыздандырбаган айдоочуларга чара көрүүгө жол ачат. Полиси жок айдоочулар 3000 сом айып пулга жыгылат.
Өлкөдө 2015-жылдан бери «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы иштейт (2016-жылы 7-февралда күчүнө кирген). Бирок бүгүнкүгө чейин аталган мыйзам объективдүү жана субъективдүү себептерден улам колдонулбай келген.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айдоочулары камсыздандыруу боюнча төмөндөгүдөй пикирлерин айтышты.
«Эми унааңарды камсыздандыргыла деп жатышат. Бирок, "унааңарды камсыздандырсаң, мындай жардам берилет, тигиндей колдоо болот" деп эч ким түшүндүргөн жок. Ал боюнча маалымат уга элекпиз. Болгону, "камсыздандыргыла, камсыздандырбасаңар айып пул төлөйсүңөр" дегенди эле угуп жатабыз. Анан жеке компаниялар камсыздандырат экен деп жатышат. Жеке компанияларга ишенүү кыйын го. Акчабызды чогултуп алып, басып кетип калсачы... Дегеле, эски унаалардын эмнесин камсыздандырабыз. Негизинен каршы элебиз. Муну милдеттүү түрдө деп мажбурлаган туура эмес. Каалоочулар камсыздандыра беришсин», - дейт айдоочулар.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ак-Талаа районундагы өкүлү Рүстөм Жусупбек уулу: «Автоунааларды камсыздандыруу жоопкерчилиги бизге жүктөлүүдө. Дагы кошумча штаттар ачылат деп жатышат. Бирок, азырынча расмий иш-кагаздары бериле элек. Кандай кылып камсыздандыруу боюнча онлайн окуулар өткөрүлөт дешкен. Ал эми айдоочулар каякка барып, кимге кайрылып камсыздандырат, камсыздандыруудан алар кандай пайда ала алышат жана башкалар түшүндүрүлөт. Түшүндүрүү иштерин камсыздандыруу өнөктүгү башталган учурда кошо баштайбыз. Керектүү иш-кагаздары ушул жуманын ичинде берилет деп жатышат. Мындан сырткары, жеке компаниялар дагы келип камсыздандыруу жүргүзүшү мүмкүн. Алар боюнча мен айта албайм», - деди.
Маалымдама:
«ОСАГО» — транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу деп чечмеленет.
Кыргызстандагы «ОСАГО» жөнүндө мыйзамга ылайык, эгерде унаасын камсыздандырган айдоочу жол кырсыктын күнөөкөрү болсо, камсыздандыруучу компания жабырлануучунун унаасын оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымды төлөп берет. Жол кырсыктын күнөөкөрү унаасын өзү оңдойт. Ошондой эле, жабырлануучунун дарылануусуна кеткен чыгымды дагы камсыздандыруучу компания төлөйт.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, «ОСАГО» жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган, бирок ал айрым себептерден улам ушул жылдан баштап колдонулуп баштады. Буга байланыштуу Кыргызстандагы бардык транспорт каражатынын ээлери 1-апрелге чейин милдеттүү түрдө камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүшү керек. Болбосо 3 миң сом айып пул салынат.
Полистин базалык баасы — 1680 сом. Полистин наркы 5 жагдайдан көз каранды болот:
- транспорт каражатынын түрүнөн,
- айдоочунун жашынан жана траснпорт каражатын башкаруу стажынан,
- айдоочунун унаасын камсыздандыргандан кийин канча ирет жол кырсыктын күнөөкөрү болгондугунан,
- айдоочунун унаасын техникалык кароодон өткөрүп-өткөрбөгөнүнөн,
- унаасын канча мөөнөткө камсыздандырганынан.
Айдоочу полисинин мөөнөтү бүткүчө бир нече ирет жол кырсыктын күнөөкөрү болсо, кайра жаңы полис алууда ал үчүн «ОСАГОнун» баасы кымбаттайт. Ал эми, тескерисинче, айдоочу этият болуп, жол кырсыкка катышпаса, ал үчүн кандайдыр бир артыкчылык берилиши мүмкүн.
Транспорт каражатына 5 күндөн 1 жылга чейинки мөөнөткө полис алса болот.
Мыйзам боюнча, «ОСАГО» полисин берген компания жабырлануучу тарапка төмөнкү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү:
- жабырлануучу каза тапса — 300 миң сом;
- жабырлануучу I топтогу майыптыкка кабылса — 200 миң сом;
- жабырлануучу II топтогу майыптыкка кабылса — 150 миң сом;
- жабырлануучу III топтогу майыптыкка кабылса — 100 миң сом;
- «бала-майып» категориясы боюнча — 200 миң сом.
Андан тышкары, жабырлануучу майыптыкка алып келбеген жаракат алса, ага амбулатордук же стационардык дарылануусуна кеткен чыгым төлөнөт. Бирок бул учурда 100 миң сомго чейинки гана чыгаша төлөнөт.