Turmush — Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын ашканасында тартылган видео социалдык тармакта талкууланып жатат.
Социалдык тармактын колдонуучусу ашкананын абалын көрсөткөн. Видеодо тамак-аш даярдалган идиш-аяктар полдо жатканын жана азыктардын бети ачык турганын көрүүгө болот.
«Бул Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү былтыр гана пайдаланууга берилген бала бакчанын ашканасы. 120 бала ушундай шартта даярдалган ашканадан тамак жешет. Көрүнгөнү көрүнгөн жерде жатат. Жыты боюнча сөз жок», - деп жазды ал.
Аталган бала бакча «Келечек булагы» деп аталып, Мирмахмудов айыл өкмөтүндө жайгашкан. Ушул тапта айыл өкмөт башчы Майрамбек Нурматов окуя менен жеринен танышуу үчүн бала бакчага келгенин билдирди. Анын айтымында, Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен чогуу текшерүү жүрүүдө.
«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерин чакырып, жеринен акт түзүп, азыр чара көрүлөт. Буга чейин бул бала бакчанын полдору чирип калгандыктан сыз болуп, жаптырган элем. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнө сунуш берип, жетекчисин жумуштан алдарганбыз. Азыр бул жетекчисине да сунуш жазабыз», - деди Майрамбек Нурматов.
Бала бакчанын пайдаланууга берилгенине эки жыл болгон. Чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулган бала бакча 120 балага ылайыкташтырылган.
- Мирмахмудов айыл өкмөтүндө жалпы 7 бала бакча бар.