Turmush — Сокулук районунда көмүр сатып алууда жасалма акча менен соода кылган жаран кармалды.
Социалдык тармактарда аны кармап алган топтун видеосу тарады. Кадрларда алардын капчыкты кантип ачканы көрүнүп турат. Анда доллар жана евро купюралары болгон.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2023-жылдын 22-январь күнү Сокулук айылынын тургуну Ж.Э. кайрылып, буларды көрсөткөн. Саат 14:30 чамасында бейтааныш адам жасалма 200 доллар берип, 1,700 тонна көмүр сатып алган. Ошондой эле, калдык акча — 4300 сом алып, кетип калган.
Аталган окуя Сокулук РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде көрсөтүлгөн (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.
Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1987-жылы туулган Ж.А. Сокулук айылында дагы жасалма акча менен көмүр алып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан 75 даана 500 евро купюра жана 67 даана 100 доллар купюрасы табылган.
Шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кармалган жаран бул окуядан башка жасалма акча менен дагы бир нече кылмыш жасаганы аныкталган.
Тергөө амалдары улантылууда.