Turmush — Талас шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына булактар билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсык бүгүн, 25-январга караган түнү саат 00:30 чамасында катталды. Көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан өрт чыгып, 1977-жылы туулган А.А. (эркек киши) түтүнгө ууланып көз жумду.
Өрт өчүрүлүп, башка кабаттарга жайылган жок.
Алдын ала маалымат боюнча, жаздык электр плитага тийип түтөп, үй ээси андан чыккан түтүнгө ууланып калган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.