Turmush — Кечээ, 23- январда Каракол шаардык кеңешинин XXIV сессиясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Маалыматка караганда, сессиянын жүрүшүндө шаардык кеңешке жаңы депутат болуп келген Кадыров Рустам Жоробаевичке мандат тапшырылды. Шаардык кеңештин төрагасы Туратбек Акимканов БШКнын токтому менен тааныштырып, жаңы эл өкүлүнө мандатты тапшырды.
Рустам Кадыров («Замандаш» саясий партиясы) депутаттык корпуска унаа, жолдор, турак-жай, энергетика, коммуналдык жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Карыбаев Жоомарт Өмүрбековичтин ордуна келди.
Р.Кадыров 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 4 баланын атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.