Turmush —
Түп районунун Михайловка айылында «Мерседес-Бенц Е220» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу көл үстүндөгү музда автобейбаштык жасаган.
Окуянын видеосу интернетке тарап, Түп районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери видеодогу унаанын ээсин табышкан. Ал – Михайловка айылынын 1984-жылы туулган тургуну С.А. экени аныкталды. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (Автобейбаштык) 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 7500 сом айып салынды жана унаасы Каракол шаарындагы айып короого токтотулду.