Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кыз-Күйөө айылынын тургуну Базаргүл Молдобекова 1996-жылы карышкырды өлтүрө чапкан окуясын азыркы күнгө чейин айтып келет.
Ал 1947-жылы 20-январда Ысык-Ата районунун Люксембург айылында жарык дүйнөгө келген. «Лагерь» мектебинде билим алган.
«Жолдошум Асы Молдобеков 1940-жылы туулган. 3 жаш кезинде атасы согушта каза болуптур. Ошону менен чоӊ ата, чоӊ эненин колунда өскөн. Жалгыз бала болгон. Экөөбүз 1965-жылы баш кошуп, 3 уул, 5 кыз жана 20 неберелүү болдук. 1974-жылдан баштап темир жолдо иштеп келдик. Жолдошум Алматадагы техникумду бүтүрүп келип, темир жолдо мастер болуп иштеген», - деди ал.
Каарманыбыздын айтымында, бул жактагы жумушчуларды Москва түз камсыздап турчу.
«Вагон менен азык-түлүк келчү. Биздин кызматкерлерге Москва абдан жакшы көӊүл бурду. Күндүз жана түнү болуп жалпы 4 киши нөөмөт менен иш алып барчубуз. Бизге "поезд келе жатат" деп телефон аркылуу айтылганда, нөөмөттөгү кызматкерлер жолдорду текшерип, андан кийин "жол ачык" деп кабар берчүбүз. Поезд өтүп кеткенден кийин жолду кайра текшерип койчубуз. Күндүн ысыгы, суугуна карабай ишибизди так аткарганга аракет кылар элек.
Жаан жааган күнү таштарды карачубуз. Анткени тоодон таш кулап түшчү. Кокус тоодон таштар куласа, алдын ала кабар берчүбүз. Поезд ылдамдыгын азайтып, таш түшкөн жерден бир чакырым алыс токтоп калчу. Биздин жумуш чынында оор болчу. Азыр дагы жакшы, жол боюнда электр жарыктар бар. Түнү менин кезегим болуп калса, таӊ аткыча уктабай карап турчумун.
Бир жолу нөөмөтүм болуп калды. Эшик караӊгы. Анан эле чыгыштан түн жамынып бир жандык келе жатат. Анда адаттагыдай эле темир жолду кол чырак менен текшерип, "жол ачык" деп кабар бердим. Оюма эч нерсе келген жок. Бир гана жумушумду так аткарып, үйгө барып эс алууну ойлоп жаттым. Биздин Кыз-Күйөөнү билсеӊер керек. Тоонун боорунда, темир жол менен унаа жолунун боюнда жайгашкан. Алыстан караганда капчыгайдын ичинде, тоонун так боору менен шар аккан суунун жогору жагынан орун алган айыл. Мындай жерге карышкыр келип калары толук ыктымал болчу. Бирок, алдыман чыгат деп ойлобоптурмун. Поезд өтүп кеткенден кийин алдыман чоӊ итке окшош жаныбар чыга калды. Чочуп кеткенимен колумдагы 3 кг салмактагы чоӊ ачкыч менен чаап жибердим. Ал сулк жыгылды. Анан башка жумушчуларды чакырдым. Аны көтөрүп келип, бутканын ичине койдук. Бирөөсү карышкыр деди, экинчиси карышкыр эмес деди. Андан кийин карышкыр экенин аныкталды.
Жолдошума телефон чалып, «карышкыр чаап алдым, союп жатабыз, эмнесин ала барайын» дедим. Ал болсо, ички органы толугу менен дарычылык касиетке ээ экенин айтты. Ошону менен өпкө, жүрөк, өтүн, ич майына чейин алып кеттим. Эртеси Балыкчы шаарындагы кайын энеме барып, окуяны айтып берсем, ал: "Башын алган жоксуӊбу" деди. Мен кайра станцияга келип, башын алайын десем, карышкырдын эч нерсеси калбаптыр. Баарын бөлүп алып кетишиптир. Бирок, териси бизде болчу. Аны ыштап, илип койгонбуз. Ал тери кийин гана жоголду. Тырмактарын келген кишилер сурап алып кетишчү. Бул окуяны азыркыга чейин билген-көргөндөр айтып калышат
Биздин жолду жолдоп уул-кыздарым, келиндерим, неберелерим дагы темир жол кызматында иштешет. Улуу балам Жел-Арык станциясынын жетекчиси, андан кийинки эки балам Кыз-Күйөө станциясында эмгектенишет. Ошол эле Кыз-Күйөө станциясында 3 кызым, 1 келиним иштейт. Бир неберем темир жол боюнча билим алып жатса, дагы эки неберем темир жолдо иштейт», - деди ал.