Turmush — Тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокурович III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Ош технологиялык университетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды. Балтагул Нурунбетов көп жылдан бери Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасында эмгектенет.
«Агайдын илимге кошкон салымы, жаштарды тарбиялоодогу көп жылдык эмгеги, Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий иштеринде жасаган иштери жогорку сыйлыкка татыктуу экендигин көрсөттү. Балтагул Аттокурович эмгек сиңирген мугалим, бир нече мамлекеттик жогорку сыйлыктардын ээси, 150дөн ашык илимий эмгектин автору. Агайдын мындан аркы илимий сапарына ийгиликтерди каалайбыз», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.