Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусу 22.02.2014 16:55

Нарындагы Кара-Кужур айылынын мектеп окуучулары үчүн кичи автобус алынып берилмей болду

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү А.Кайыпов Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн Улахол айылындагы отчеттук жыйынына катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айыл өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери жана үстүбүздөгү 2014-жылга милдеттери угулду. Айыл тургундары бир ооздон айыл өкмөтүнүн ишин канааттандыралык деп белгилешти.

Облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери келип катышкан жыйында айылдыктарды түйшөлткөн маселелер, суроолор да ортого салынды. Аларды чечүү боюнча ошол эле жерден тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилеринен жооптор алынды.

Отузга чукул түтүн жашаган Кара-Кужур өрөөнүндөгү Туура-Суу айылынан жана башка жеке конуштардан Улахол айылындагы орто мектепке баш аягы 5-10 чакырым аралыктан келип кыйналып жүрүшкөн окуучулардын мектепке келүүсүн жеңилдетүү боюнча чакан транспорт (бусик) сатып алуу үчүн облус жетекчиси А.Кайыпов 150 миң сом бөлүп бермей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×