Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 73 жаштагы тургуну Геннадий Дегтярев 40 жылдан ашык убакыттан бери лимон өстүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Геннадий Дегтяревдин батиринин лоджиясында ондон ашык идиште лимон дарагы өсүп, түйүп, мөмөлөп турат. Ал дарактар бөлмөнүн ичин лимон жытына бөлөп, кооздук, көрк да берип турганын көрүүгө болот.
- Лоджия — сырткы мейкиндиктен арка, колонна же парапет менен тосулган, жабылма балкон.
Өзүнүн айтымында, Кара-Көлгө 1971-жылы советтик аскерде кызмат өтөгөндөн кийин келген. Ага чейин Челябинск облусуна караштуу Магнитогорск шаарына жакын жерде жашаган. 1971-жылдан тарта «Гидроспецстрой» ишканасында айдоочу болуп иштеген. Ал эми 2015-жылы пенсияга чыккан.
«Лимон өстүрүүнү мурда эле баштагам. Үйдөгү эң чоң лимон дарагына 40 жылдан ашык болду. Союз мезгилинде биздин Кара-Көлдө эски базар бар эле. Ал жерди азыркылар эски мал базар деп аташат. Ошол жерден лимондун көчөтүн 5 рублга сатып алгам. Кайсы жылы экени эсимде жок, союз мезгили. Аны отургуздум, ошол бойдон көктөп, өсүп, ушул күнгө чейин мени менен чогуу. Сыртынан картайганы билинип турат. Лимонду карап, өстүрүүнүн түйшүгү көп. Бир аз карабай койсоң же бир нерсе жетишпесе, жалбырактары саргайып, түшүп баштайт», - деди ал.
Геннадий Декгярев быйыл лимондон 5 килограммдан жогору түшүм алууну көздөп жатат.
«Лимондорумдун баарын өткөн жылы отургузуп чыккам. Азыр түйүп, мөмөлөрү бышууга аз калды. Өткөн жылы мөмө түйгөн. Быйылкы мөмө жакынкы айларда бышат. Быйыл 60 даана лимон болсо керек. Өзүбүзгө жетет, муну сатпайм. Эч кимге берүү үчүн өстүрбөйм. Өзүм жана үй-бүлөмө жетет. Базардан сатып албайм. Бышканда даамы сонун, көлөмү чоң болот. Менде лимондун үч сорту бар. Анын бир сорту павлов лимону, экөөнүн сортун билбейм. Мындан сырткары помидор отургузуп койгом. Ал мөмө түйдү. Бул короодо өскөн чоң-чоң помидордой болбосо да, черри сыяктуу көлөмдө кызарып бышат», - деди ал.
Геннадий Декгярев үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Ошондой эле төрт небереси бар.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...