Turmush — Германиянын JIZ уюму тарабынан Ош технологиялык университетинде эл аралык семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Семинар «Кооперативная образования логистики» деп аталып, логистика багыты боюнча ар тараптуу маселелер талкууланып, кеңири маалыматтар берилди. Германиядан келген профессор Френк Нойман бүгүнкү күндө коомдо логистика багытынын өндүрүшкө жана эл чарбасына тийгизген таасири, экономикада колдонулушунун зарылдыгы, логистикалык борборлордун болушу, алардын иш- аракеттери жана башка логистикага тиешелүү болгон бардык маалыматтарга токтолуп, катышуучуларга лекция окулду.
«Бул эл аралык тренигдин биздин окуу жайда өткөрүлүшү биринчи этабы болуп эсептелет. Ошондуктан коңшу Өзбекстан мамлекетинен атайын профессорлор, окутуучулардан турган адамдар тобу дагы бул иш-чарага катышты. Ал эми кийинки этабында коңшу мамлекетте өткөрүлмөкчү.
Профессор Френк Нойманды ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев жеке кабыл алып, мындан ары эки тараптуу кызматташуу тууралуу маселелер талкууланды. Сүйлөшүүлөргө ылайык Германиянын жогорку окуу жайлары менен да тыгыз байланышта болуп, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашыруу жолго коюлмакчы», - деп айтылат маалыматта.