Turmush — Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго «Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда окуу жайдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган наам ага Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүүсүнө, жаштар саясатына, экономикасын өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.