Turmush — Turmush басылмасы окурмандарды район акимдеринин кимиси өзүнүн кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү жана так аткарарын аныктоого чакырат.
Баары эң мыкты деп эсептеген акимге добуш бере алышат. Добуш кимге берилгенин эч ким билбейт. Ар бир окурманда бир гана акимге добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстандагы 40 акимдин ичинен эң мыктысын тандоо үчүн өз добушуңузду бериңиз! 18-январда башталган добуш берүүнүн жыйынтыгы 2023-жылдын 1-февралында саат 09:00дө чыгарылат.
Сурамжылоодогу добуштардын санына тиешелүү кайрылуулардын саны өскөнүнө байланыштуу IT-адистер жасалма добуштарды («накрутка») аныктап чыгышты. 30-январда саат 14:00дөн тарта күнүнө 3 ирет добуштардын саны кылдат текшерилип турат. Анын натыйжасында редакция сурамжылоонун жыйынтыгын таза жана так чыгарат.
(Добуш берүү үчүн сиз тандаган акимдин аты-жөнү жайгашкан ячейканы гана басып коюу керек)
Кыргызстанда жалпы 40 район бар. Өлкөдөгү эң жаш аким 34 жашта болсо, эң улуусу 62 жашта. Акимдердин арасында бир да айым жок.
-
Акимдер президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоону күчөтүү максатында акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилген.
-
Мындан тышкары, аким айыл аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.
1. Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич 1976-жылы 29-сентябрда туулган.
- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -
2. Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Шакиров Кутпидин Абдырахманович 1977-жылы 6-июнда туулган.
3. Баткен облусунун Лейлек районунун акими Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович 1974-жылы 8-июнда туулган.
4. Ош облусунун Алай районунун акими Апбасов Каныбек Сагынбекович 1980-жылы туулган.
5. Ош облусунун Араван районунун акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович 1971-жылы 19-мартта туулган.

6. Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими Абыкеев Темирболот Асаналиевич 1984-жылы 25-декабрда туулган.
7. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Кулубаев Дамир Садырбекович 1978-жылы 5-мартта туулган.
8. Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Ногоев Турусбек Молдобекович 1970-жылы туулган.
9. Ош облусунун Ноокат районунун акими Иманалиев Данир Белекович 1977-жылы 25-апрелде туулган.
10. Ош облусунун Өзгөн районунун акими Абыкаев Шабдан Алмазбекович 1980-жылы 12-декабрда туулган.

11. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Сыдыков Замирбек Бейшенович 1979-жылы туулган.
12. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович 1983-жылы 16-декабрда туулган.

13. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Сатыбалдиев Жанысак Манасбекович 1973-жылы 23-июнда туулган.
14. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевич 1975-жылы 5-майда туулган.
15. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалай Ишенбекович 1978-жылы 19-ноябрда туулган.
16. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович 1978-жылы 18-августта туулган.
17. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович 1977-жылы 29-сентябрда туулган.
18. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Түкебаев Акылбек Алиякунович 1964-жылы 20-октябрда туулган.
19. Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими Имаров Алгынбай Төралиевич 1967-жылы 6-апрелде туулган.
20. Талас облусунун Кара-Буура районунун акими Сагымбаев Бектур Абдыразакович 1974-жылы 24-январда туулган.
21. Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович 1964-жылы 21-апрелде туулган.
22. Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович 1979-жылы 9-январда туулган.
23. Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Анаркулов Бактыбек Кочкорович 1965-жылы 3-майда туулган.
24. Чүй районунун акими Шакиев Жыргалбек Тургунбекович 1979-жылы 19-январда туулган.
25. Чүй облусунун Жайыл районунун акими Түркбаев Төрөгелди Калыбекович 1960-жылы 31-мартта туулган.
26. Чүй облусунун Кемин районунун акими Жумаев Алайбек Мусаевич 1968-жылы 12-февралда туулган.
27. Чүй облусунун Москва районунун акими Козуев Ниязбек Эгемкулович 1967-жылы туулган.
28. Чүй облусунун Панфилов районунун акими Алияскаров Маил Алияскарович 1977-жылы 20-июлда туулган.
29. Чүй облусунун Сокулук районунун акими Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович 1972-жылы 26-январда туулган.
30. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими Осмонов Алмазбек Абдилакович 1969-жылы 25-октябрда туулган.
31. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич 1971-жылы 17-июнда туулган.
32. Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович 1964-жылы 1-сентябрда туулган.
33. Нарын облусунун Жумгал районунун акими Матанбаев Жамшит Кадырович 1976-жылы 20-февралда туулган.
34. Нарын облусунун Кочкор районунун акими Омошев Эрмекбай Алянович 1973-жылы 17-мартта туулган.

35. Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович 1968-жылы 26-январда туулган.
36. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич 1980-жылы 20-мартта туулган.
37. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Тагаев Мураталы Абдыкарович 1978-жылы 15-июлда туулган.
38. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Астанакулов Байышбек Кахроманович 1988-жылы 13-мартта туулган.
39. Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Адиев Каныбек Маматбекович 1971-жылы 1-апрелде туулган.
40. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Жумадылов Калыбек Аманатович 1980-жылы 22-октябрда туулган.