Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу 21.02.2014 14:05

Ошто «Манастын уулу Семетей» спектакли көрсөтүлөт

Turmush -  Ош шаардык Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрында апрель айынын аягында кезектеги репертуардык улуу эпостун бөлүгү эсептелген «Манастын уулу Семетей» спектаклинин көрсөтүлүүсү пландалууда. Бул туурасында бүгүн, 21-февралда театрдын башкы режиссеру Нибижан Мамаджанов билдирди.

Анын сөзү боюнча, чыгарманын сюжетинде, окуя 12-жашар баланын элди башкарып баштаганы көрсөтүлөт.

«Эл аралык достук, толеранттуулук, милдеттин чындыгы, патриоттуулук - бул чыгарманы өнүктүрүүчү толук эмес мүнөздөр», - дейт Н.Мамаджанов.

Көрсөтмөдө КРнын 2 эл артисти, 8 маданияттын эмгек сиңирген кызматкерлери, ошондой эле жетекчөөчү артисттер катышат.

Аталган спектаклдин коючу-режиссеру Кыргызстандын жазуучусу Жалил Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×