Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.02.2014 11:04

Караколдо кытай тилин үйрөтүүчү жаңы борбор ачылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында билим берип жаткан Конфуций институту шаардын жогорку окуу жайларында, мектептеринде кытай тилин окутуу борборлорун ачууда.

Кытай тилин окутуучу жаңы борбор шаардагы №3 мектеп-гимназиясында ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Борбордун ачылыш аземине шаардык мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеӊештин жетекчилиги, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери жана адистери катышты.

Кызыл лента кесилип, куттуктоолор айтылып, салтанаттын катышуучулары борбордун ишине ийгилик каалашты.

Мэрия менен шаардык кенештин жетекчилиги аталган окуу борборунун зор мааниси тууралуу айтып, Кытай биздин кошуна мамлекет болгондуктан алар менен ар кандай экономикалык, саясий алака түзүүгө туура келет, андыктан алардын тилин үйрөнүү биздин жаштар үчүн пайдалуу экенин белгилешти.

Кытайлык окутуучулардын маалыматында кытай тилин мыкты өздөштүргөн окуучулар жайкы эс алуу учурунда Кытай эл республикасына саякатка барышат.

Учурда 100 окуучу окуу борборуна катталып, кытай тилин үйрөнүүнү каалай турганын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×