Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 21.02.2014 10:29

Ноокаттагы Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин китеп менен камсыз болуусу 84%ды түзөт

Turmush -  Ноокат районунун Бел айыл аймагында жайгашкан Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин китеп менен камсыз болуусу 84%ды түзөт. Бул тууралуу мектеп директору Кимсан Арзыкулова Ноокатта өткөн китепканачылардын семинарында билдирди.

Анын ичинен окуу китеби 5762, ал эми адабий китептердин саны 1792.

Семинардын жыйынтыктоо бөлүмүндө сөз сүйлөгөн Ош Билим берүү Институтунун инновациялык процесстерди башкаруу боюнча директордун орунбасары А. Асанбаев семинардын маанилүүлүгү, китептердин баалуулугу, анын бүгүнкү күндөгү ролу жана орду, баалуугу канчалык жогору экендигин далилдей алгындыгында экендигине токтолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×