Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 21.02.2014 10:22

Ноокатта «Китеп билим булагы» деген аталышта 60 китепканачы катышкан облустук семинар болуп өттү

Turmush -  Ноокат районунун Бел айыл аймагында жайгашкан Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинде китепканачылардын «Китеп билим булагы» деген аталыштагы облустук семинар болуп өттү, деп маалымдайт райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Семинарга Ош Билим берүү институнун инновациялык процесстерди башкаруу боюнча директордун орун басары Асанбаев Акуш Жаңыбаевич, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Маматалиев Муктар Абдырайымович, Ош билим берүү институтунун инновация процесстерди уюштуруу кабинетинин башчысы Эңсегүл Урайымова, китепканачылар кабинетинин башчысы Ходжаева Шайыргүл жана башкалар болуп жалпысынан 60 жакын китепканачылар келишти.

Семинардын башталышында Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектеби боюнча маалымат берип жатып, 2013-жылдын рейтингдик көрсөткүчүндө мыкты мектеп деп табылгандыгын жана район аймагындагы билим берүу мекемелериндеги китепканалар боюнча маалымат берип кетти.

Андан соң келген коноктор аталган мектептин китепканачысы Миңбаева Ажар эжекенин жүргүзүп жаткан иштери, иш орду, жаш мукабачылар тонун иш үстүндөгү абалы, окуу залынын абалы боюнча атайын конференция уюштуруп, келген конокторго бир топ кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле семинардын катышуучулары бир топ ачык сааттарга катышып, мектеп окуучуларынын китепке болгон кызыгуулары канчалык деңгээлде жогору экендигин биле алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×