Turmush — Жалал-Абад шаарында жылуулук көп кабаттуу үйлөрдө, мекеме-ишканаларда температуралык графикте берилип жатат.
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад райондор аралык бирикмесинин филиалынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Маалым болгондой, акыркы күндөрдөгү катуу сууктан улам көмүр, мазутка болгон керектөө да жогорулады. Маселен, кыштын күндөрү бир күндө 17-18 тоннадай көмүр, мазут жагылса, суук түшкөн күндөн бери 22-23 тоннага чейин мазут, көмүр жагылууда. Бул абоненттерге жылуулук энергиясын нормада сактап берүү үчүн жасалып жатат.
Калаадагы «Коңгуроо» бала бакчасында 400дөн ашуун бала тарбияланат. Бүгүнкү күндө 300дөй бала бала бакчага келүүдө.
«Катуу сууктан улам балдарын бакчага алып келгенден кооптонгондору тынбай интернет булактарында айтылып жаткан маалыматтардан улам болуп жатат. Анын үстүнө окуучулар эс алууда болгону үчүн да азайды. Айрымдар «үйдөн караганда бала бакча жылуу» деп бакчадан калтырбай жатышат. Биздин бакчада жылуулуктун температурасы 20 градусту түзөт. Бул жылуулук нормага жооп берет дегенди билдирет», - деди кызматкерлер.
6 жылдан бери кышкысын элге жылуулук берип иштеп келе жаткан Иманалы Маткеримов күнү-түнү иштеп жатышкандыгын белгиледи. Анын айтымында, отканаларда иштеген кызматкерлердин жумушу жеңил көрүнгөнү менен артында чоң мээнет жатат.
«Мен №14 отканада иштеп жатам, бизде негизинен мазут жагылат. Сырттан караган адамга оңой көрүнөт, түйшүгү түмөн. Мазуттун суюктугун, күйүп жатканын тынбай карап турушуң керек. Суунун басымын да карап турасың. Азыр биз күнү-түнү иштеп, талаптагыдай жылуулук берип жатабыз. Биз да элге жылуулукту жакшы берсек экен, көйгөй жаралбаса экен деп отурабыз. Быйылкы кыштын суугу кызматкер катары баары бир ойлондурат», - дейт ал.
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад райондор аралык бирикмесинин филиалынын жетекчиси Рахман Кожомбердиевдин айтымында, аларга караган 19 откана бар. Анын 18и Жалал-Абад шаарында, бири Базар-Коргон шаарында жайгашкан.
«7 откана мазут, 7 отканаза көмүр, 5 откана жаратылыш газы менен иштейт. Отун запастары жетиштүү деңгээлде даярдалган. 80ден ашуун көп кабаттуу үйгө, 30 бюджеттик жана коммерциялык мекемелерге жылуулук берет. Бүгүнкү күндө отканаларда температуралык график боюнча жылуулук энергиясын берип жатабыз. Бир күндө отканаларда 17-18 тонна мазут жагылса, бүгүнкү күндө 22-23 тоннадай жагылууда. Көмүр деле ошондой абалда. Катуу суукка байланыштуу керектөө бир аз өстү. Себеби биз жылуулукту нормада берүүгө аракет жасап жатабыз. Бул күндөрдө жашоочулардан кайрылгандар жок, эгер кайрылуу түшсө, топ жеринде иш алып барат», - дейт Кожомбердиев.
Быйыл борборлоштурулган жылуулукка калаадан 10 көп кабаттуу үй кошулган. 2018-жылдан 2023-жылга чейинки өнүгүү программада 43 көп кабаттуу үйдү жылуулукка кошуу пландалса, 2023-жылга чейин жалпы 47 көп кабатүү үйгө жылуулук кирген.
Жылуулук түйүндөрүнүн жалпы узундугу (теплотрасса) 14,8 чакырымды түзөт. Жылына 3000 тонна көмүр, 2800 тонна мазут керектелет. Калаада 2438 абонент бар. Ал эми Жалал-Абад райондор аралык жылуулук бирикмесинде 130дай кызматкер эмгектенет.