Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 21.02.2014 09:55

Ошто мектеп окуучулары эне тилди коргоонун эл аралык күнүн белгилешүүдө

Turmush -  Бүгүн, 21-февраль күнү Ош шаарындагы мектеп окуучулар тарабынан эне тилди коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.

Анын айтымында, майрамдык иш-чара саат 14:00дө шаардагы № 8-Горький атындагы мектеп-гимназиясында, шаардагы мектеп окуучуларынын катышуусунда өздөрүнүн тилин даңазалоо, көркөм окуу, ыр бийлер коштолгон концерттик бөлүк көрсөтүлөт.

Ошондой эле майрамдык кеченин жүрүшүндө ар бир улуттун улуттук буюмдары, ошол улуттун тилинде жарык көргөн китептердин көргөзмөсү болуп өтөт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы усулчусу Гүльмира Осекованын айтуусунда, иш-чарага шаар жетекчилери, шаардагы усулдук бирикмелердин жетекчилери, тил мугалимдери катышат.

Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык шаардагы окутуу бардык тилде жүргүзүлгөн мектептерде «Эне тил эл-жерди таанытат» аттуу жумалык жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×