Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуНоокат району 21.02.2014 09:29

Ноокат райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын семинары болуп өттү

Turmush -  Ноокат райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын семинары болуп өттү

Ноокат районунун шаар аймагында жайгашкан Х.Самиев орто мектебинде Ноокат районунун билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдарынын райондук семинары болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Семинарга Ош облустук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев жана анын аппарат кызматкерлери, Ноокат райондук профсоюз уюмунун төрайымы

С.Шанабаева, Нокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар боюнча адиси М.Каратаева жана район аймагындагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары катышты.

Семинарда мугалимдердин эмгек акыларынын абалы, эмгек өргүүлөрүнүн туура белгилениши, мугалимдердин укутары, милдеттери, билим берүүдөгү профкомдордун ролу, алардын укуктары жана милдеттери боюнча аталган уюмдун облустук өкүлчүлүктөрү тарабынан даярдалган маалыматтар берилди.

Семинардын экинчи бөлүгү суроо-жооп формасында болуп, суроолор көбүнчө мугалимдердин эмгек акылары боюнча облустук профсоюз уюмунун төрагасы С.Тойгонбаев, бул багытта мугалимдердин эмгек акыларынын эсептөөнү профкомдор өтө кеңири билүү зарыл экендигин билдирди.

Ал эми жыйынтыктоо бөлүгүндө Ноокат райондук билим брүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев, бухгалтерия жаңыдан гана борборлоштурулгандыктан айрым майда кемчиликтерге жол берилип жаткандыгын, бирок аны жоюга мүкүн экендигине токтолду.

«Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын көпчүлүгү билим берүү тармагына жумшалып жаткандыктан, биз билим берүү бөлүмү дагы, мугалимдер дагы натыйжалуу иш алып баруубуз зарыл. Ал үчүн профсоюз уюмунун ролу өтө чоң. Анткени сиздер мугалимдердин укугун коргой турган күчтүү орган экендигиңиздерди мен профсоюз уюмунун мурдагы кызматкери катары жакшы билемин», - деп баса белгиледи М.Маматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×