Turmush — Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен Ош технологиялык университетинин 5 илимпоз окутуучусуна доцент окумуштуулук наам ыйгарылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы.
Илимий наам алган окутуучулар:
- физика-математика илимдеринин кандидаты Төлөнбай Саадаловго математика адистиги боюнча;
- техника илимдеринин кандидаты Жылдыз Ирматовага тамак-аш технологиясы адистиги боюнча;
- физика-математика илимдеринин кандидаты Алийма Маматкасымовага информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу адистиги боюнча;
- техника илимдеринин кандидаты Элмира Рысбекова курулуш адистиги боюнча;
- техника илимдеринин кандидаты МушарапАтамкуловага информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу адисти боюнча.
Аталган илимпоз окутуучулар 25-35 жылдан бери педагогикалык кесипти аркалайт. 50гө жакын илимий эмгектердин автору жана бир канча автордук патенттерге ээ.