Turmush — Ош технологиялык университетинде 2023-жылдын 1-январынан тарта эмгек акы жогорулады. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эми буга чейинки кошулган кошумча эмгек акыдан сырткары илимдин докторлоруна 6500 сомдон, илимдин кандидаттарына 6000 сомдон, административдик-башкаруу курамга жана профессордук-окутуучулук курамга 5000 сомдон, окуу-көмөкчү жана кенже-тейлөөчү курамга 3500 сомдон акча каражаты кошулду.
Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев эмгек акылардын жогорулашы боюнча: «Университеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша окутуучуларга жана кызматкерлерге эмгек акыларды жогорулатып, шарттарды түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып жатабыз», - деп билдирди.
Мындан сырткары 2022-жылдын декабрь айында 1 ставкада эмгектенген ар бир кызматкер Жаңы жылга карата сыйлык акча да алышты.