Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 20.02.2014 17:11

Ошто эл аралык Эне тил күнүнөкарата «Кыз-Жигит» сармердени болду

Turmush -  Бүгүн, 20-февраль күнү Ош шаарында Эл аралык Эне тил майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык салтанатты окуу жайдын Мамлекеттик тил кафедрасы уюштуруп, буга окуу жайдын жетекчилиги, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун адистери, студенттер жана окутуучулар катышты.

ОшТУнун басма сөз кызматы маалымдагандай, майрамдык салтанаттын ачылышында активдүү окутуучулар менен студенттерге Ардак грамоталар тапшырылып, куттуктоо сөздөр айтылды. Андан соң катышуучуларга окуу жайдын «Мамлекеттик тил» кафедрасы тарабынан «Кыз-Жигит» сармердени келген конокторго майрамдык белек катары тартууланды.

«Кыз-Жигит» сармерденин айырмачылыгы командалар ар улуттун ырларынан аткарышып, жыйынтыгында сармерденде мырзалар командасы женишке жетишип, баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×