Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусу 20.02.2014 16:21

Таластын 70 жылдык мааракесине карата облустун бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын чагылдырган спектакль коюлат

Turmush -  Талас облусунун 70 жылдыгына жана «Манас Ата» жылына карата маданият тармагы боюнча «Таласым алтын бешигим» аттуу «Ыр кесе» кароо-сынактарды өткөрүү планы каралуу. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ошондой эле «Туулган жерим Таласым» сүрөт көргөзмөлөрдү, облуска эмгеги сиңген чыгаан атуулдар менен жолугушууларды уюштуруу, китепканаларда «Алтын уям - Таласым» аттуу адабий кечелерди өткөрүү, «Манас кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу адабий кече, «Талас таңшыйт» республикалык фестивалын өткөрүү, Талас жергесин даңазалаган акындардын чыгармаларынын кароо-сынагын өткөрүү жана Талас облусунун бүгүнкүкүнгө чейинки тарыхын чагылдырган спектакль коюу тууралуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Ошону менен катар жаштар жана этникалык азчылык арасындагы иш-чаралар боюнча «Алтын уям - Таласым» аттуу конкурс, жаштар арасынан чыккан мыкты атуулдар менен биргеликте акцияларды, диаспоралар менен биргеликте элдин ынтымагына багытталган мыкты таланттар арасында конкурстарды өткөрүү, облуста жашаган бардык этностук жамааттардын катышуусу менен улуттук оюндардын түрлөрүн өткүрүү боюнча дагы саамалыктар каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×