Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусу 20.02.2014 14:38

Таласта «Манас Ата» жылына карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы талкууланды

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Рыскелди Ботиков жана облустук мамлекеттик мекеме уюмдардын жетекчилери катышкан жыйын болуп өттү, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жыйындын негизги максаты - президент Алмазбек Атамбаевдин «2014-жыл - Мамлекетти бекемдөө» жылы деп жарыялоо боюнча жарлыгына ылайык өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева 2014-жылды облусту «Манас Ата» жылы деп жарыялап, анын алкагында Талас облуснун 70 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында аткарылуучу иш-чаралардын долбоору боюнча облустук мамлекеттик мекеме уюмдардын өкүлдөрүнүн сунуш пикирлери айтылды.

Облуста жарыяланган «Манас Ата» жылынын алкагында төмөндөгүдөй иш-чаралардын аткарылышы долбоордо баса белгиленип жазылган. Алар мыкты мекеме, шаар, район, айыл аймагы жана айыл кароо-сынактарын өткөрүү.

Талас облусуна 70 жыл төш белгисин жана сүрөттүү китеп чыгаруу, Талас облусуна 70 жыл аттуу баннерлерди даярдап илүү, буга ылайык массалык маалымат каражаттарында макалаларды жарыялап туруу, 70 жылдыкка карата теле берүүлөрдү уюштуруу, ардак такта уюштуруу, муну менен катар буклет, папкаларды даярдоо жана башка маселелер талкууланды.

Талас облусунун 70 жылдык мааракесин «Манас ордо» конушунда өткөрүү, кароо-сынактарды уюштуруу, улуттук спорттук оюндардын түрлөрүн өткүрүү боюнча ишаралар «Манас Ата» жылына карата долбоордо кенен көрсөтүлгөн.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×