Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуКочкор району 20.02.2014 13:25

Кочкор райондук драма театры Баткенде өтүүчү фестивалга «Өткөн күндүн кусасы» атту спектаклин даярдоодо

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор райондук музыкалуу драма театрынын жамааты Баткен облусунда боло турган фестивалга катышуу үчүн даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы маалымдады.

Театрдын режиссеру Назира Сулайманованын айтымында, былтыркы жылы драматург Мар Байжиевдин «6-күнү кечинде» аттуу чыгармасын коюп, Нарында өткөн фестивалга катышып келишкен.

Эми Баткенде боло турган быйылкы фестивалга драматург Жеңишкүл Өзүбекованын «Өткөн күндүн кусасы» атту 5 көшөгөлүү спектаклин коюп келгени даярдануудабыз. Биз жылына план тапшырманы так аткарып иштеп келебиз. Бир гана имаратыбызын абалында шарттын жоктугу биздин ишмердүүлүгүбүздү аксатып келет», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×