Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.02.2014 13:06

Жалал-Абадда мектептеги билим берүүнүн деңгээлинин төмөндүгү тууралуу талаш пикирлер айтылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында блдарды тарбиялоо жана билим берүүдөгү үй-бүлө, мектептин өз ара кызматташуусунун мааниси жана ролу тууралуу, ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу маселелеринин үстүндө жыйын болуп өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, болуп өткөн бул иш-чаранын башкы уюштуруучулары болуп «Кабар ордо» доолборунун «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси жана «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» мамлекеттик эмес корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болуп эсептелинет.

Аталган жыйынга мектеп мүдүрлөрү, шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери, ата-энелер комитети, айрым аймактык башкармалыктын башчылары жана мектеп окуучулары келип катышышты. Жыйындын жүрүшүндө билим деңгээлибиз төмөндөп 65 мамлекеттин ичинде Кыргызстан 65-орунда экени, буга мугалимдер да окуучулар да бирдей себепкер экендиги катышуучулардын арасында кайчы пикирди жаратты.

Жалал-Абад шаарындагы №19-мектептин мүдүрү Гүлнара Бокошеванын айтымынды, бүгүнкү күндө билим деңгээли боюнча эң эле төмөнкү темпте тургандын бирден бир себеби - мектепте сабак берүүчү мугалимдердин жетишээрлик деңгээлде билимдүү болбой жатканы. Ал эми экинчи себеби - айлык маяналарынын аздыгы бул маселеге түздөн түз тиешелүү.

SAM_0095

SAM_0093

SAM_0096

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×