Turmush — Талас районунун Талды-Булак айылынын 48 жаштагы тургуну Жолдошбек уулу Алмаз 2014-жылдан бери топоз багып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, топоздор кышы-жайы тоодо болот. Азыркы тапта 200 баш топоз, 60 мамалагы бар.
«Биздин айыл мал бакканга ыңгайлуу жер. Айыл тургундардын көпчүлүгү мал багуу менен алектенет. Өзүм чабандын үй-бүлөсүндө чоңойгом. Бала кезимден эле мал менен жүрүп чоңойдум. Мен 10-классты аяктап жаткан учурум болчу, ошол убактагы президент Аскар Акаев келип, чабандарга деп музоосу менен 1 уй, бирден жылкы берип кеткен. Биздин чарбага уй баласы болбойт деп 1 топоздон берген. Мен ал топозду багып, акырындык менен көбөйтүп жүрдүм. Ошол жылдары рублдан сомго өтүп жаткан убак эле. Мен багып, көбөйткөн топоздорду сатып кой, жылкы баккым келди. Топоздордун ар бирин 1300, 1200 сомдон саткам. Ал убакта акчанын күчү чоң болчу. Аларды сатып кой, жылкы алып ошолор менен алек болуп жүрдүм. Арадан бир топ жыл өтүп кайрадан топоз багууга өттүм.
2014-жылы Нарындан 15 топоз, 15 мамалагын сатып алдым. Ар бирин 64 миң сомдон сатып алгам. Азыр ушул топоздор менен тиричилик кылып жүрөм. Учурда келинчегим, уулум жана мен болуп айылыбыздан сырткараак тоодо жашап келе жатабыз. Эч кандай деле жардамчы чабандарым жок. Уулум менен келинчегим үчөөбүз эле карап жүрөбүз. Топоздордун деле кыйынчылыктары бар. Аларга деле көз салып турушуң керек болот. Жайытта деп эле, коё берген да болбойт. Бардык нерсенин чыгашасы болот. Ансыз болбойт. Чыгаша чыкмайынча, киреше кирбейт деп коёт эмеспи. Кээ биринде уурдатып алабыз, жоготуп алабыз. Тапканын таап, табылбаганына ичибиз ачышып калып кетебиз. Ошол эле убакта илбирстерге жедирип алган учурларда болот», - деди ал.
Аталган макаланы толугу менен биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.