Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуМанас району 20.02.2014 12:32

Учурда Манас районундагы фольклордук-этнографиялык музейге 1387 экспонат коюлган

Turmush -  Учурда Манас районунун Арал айылындагы Алыкул Үсөнбаев атындагы фольклордук-этнографиялык музейге 1387 баалуу экспонаттар коюлган, дейт аталган музейдин жетекчиси КР эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Абдылда Нуралиев. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинде археологиялык баалуу табылгалар, графика сүрөттөрү, ар түрдүү мезгилдерде жасалган скульптуралар, этнографиялык жана тарыхый баалуу документтер жана миңге жакын фотосүрөттөр бар. Улуу жазуу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып, анын атайын бөлмөсү ачылган.

Ушул Арал айылынан төрөлүп, айылдагы «Ырчы булактан» даам татып атагы кыргыз элине даңкы кеткен акын Алыкул Үсөнбаевден тышкары белгилүү төкмөлөр Эстебес Турсуналиевдин, Замирбек Үсөнбаевдин, Аалы Туткучевдин акын Анатай Өмүркановдун, жана манасчы Асанкан Жуманалиевдин өмүрү, чыгармачылык жолу, китептери жана буюмдары музейге коюлуп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун туудуруда.

Белгилей кетсек аталган, музей өкмөттүн 2004-жылдын 24-июнундагы токтому менен уюшулуп, республикалык мааниге ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×