Turmush — Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Чечме-Сай айылындагы Капка жайлоосундагы окуялар боюнча эл арасында ар кандай уламыштар айтылып келет. Айрымдары жайлоого алтын катылганын айтса, кээ бирөө ал жерден ракета көргөнүн айтышат.
Санжырачы, филолог Акрам Камбаров жайлоодогу окуялар боюнча баяндап берди.
«Эл арасында бир бай адам төөлөргө алтын жүктөп, Капка жайлоосуна кирип кетип, төөлөрү бош чыккан деп айтылган окуя бар. Күлкүлүүсү, аны издеген адамдар азыркыга чейин бар экен. Менин угушумча ал жерде бир бай адам жашаган. Өзүнүн байлыктарын, каражатын жашырган экен. Кийин эл оозунда кошулуп отуруп төөлөр, сансыз байлыктар кошулуп кетиптир.
Бирок мен өз кулагым менен ошол жерден таанылбаган учуучу объектти көргөн адамдардан укканым бар. Бир эле адам эмес, бир нече адам көргөн экен. Азыр мен 70 жашка келип калдым. Бул окуяны жаш кезимде уккам. Мени менен чогуу бир молдо, дагы 3-4 киши барганда көргөн адамдар мындай деп айтып беришкен.
Август айынын орто чендеринде саратан убагында узундугу 10-15 метр болгон ракета сыяктуу учуучу объект даңгиге (даңги — эки тарабы бийик тоо болгон сай) түшүптүр. Чартылдаган үн чыгып, аппак учкундар чачырап турган. Адамдар жакындаганда 2-3 секунд арасында 200 метрдей бийиктиктеги үңкүргө кирип кетиптир. Бул нерселер кечке маал көрүнүп, күндүз көрүнбөйт экен. Андан соң бир тууган агам дагы мал айдап жүрүп көргөнүн айткан», - дейт Акрам Камбаров.