Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 19.02.2014 16:51

Кара-Буурада мектептерге дин таануу сабагын киргизүү тууралуу ойлор айтылды

Turmush -  Талас облусунун Кара-Буура районунда дин маселесине арналган жыйында жамандык-жакшылыкта ашыкча чыгымдар туурасында сөздөр айтылып, бул маселе бийлик башындагылар эле же дин өкүлдөрү чече турган маселе эмес экендигин белгилешти.

Талас облустук борбордук мечитинин имамы белгилегендей, бул маселе айтылып, бирок жалпы коомчулуктун көйгөйү катары калып келүүдө.

Жыйында айылдык имамдар тарабынан мектепке дин таануу сабагын киргизүү туурасында ой пикирлер ортого салынып, бирок бул сабакты киргизүүдө өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керектигин белгилешти.

Ал эми казыяттан келген Касым Сыдыков дин сабагын киргизүүдө ислам дининин адеп-ахлагы туурасында сабак өтүлүшү керек, болбосо ар бир диндин тарыхы же ар биринин идеологиясын айтып олтуруу окуучулардын башын айлантат.

Жыйындын соңунда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басар Рыскелди Ботиков ар бир жаран кайсы кесиптин ээси болсо дагы мамлекеттин тынчтыгы, өнүгүшү үчүн чогуу чара иш-аракеттерди жүргүзүү керек, деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×