Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусу 19.02.2014 16:10

Таласта мектеп жана гимназиялар ортосунда өткөн КВН таймашынын жеңүүчүлөрү Ысык-Көл жана Бишкекте эс алышат

Turmush -  Кечээ, 19-февралда Талас районундагы Арал айылынын маданият үйүндө Талас районунун мектеп окуучулары жана кесиптик лицейлер арасында «Татыктуу бол кыргызымдын жаштары» деген аталыштагы шайыр тапкычтар тамашынын (КВН) финалдык бөлүгү болуп өттү, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Аталган КВНдин уюштуруу ишин Арашан гуманитардык институтунун студенттери алып барып, демөөрчүлүк жагын Келечек жаштары коомдук фонду, Асыл кенч коомдук фонду жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас облустук башкармалыгы, ошондой эле Талас райондук билим берүү бөлүмү, Арал айыл өкмөтү тарабынан колдоого алынып, жогорку уюшулгандыкта өттү.

Белгилей кетчү жагдай, КВНдин жеңүүчүлөрү аталган командаларга Жаштар министрлигинин Ардак грамоталары, андан тышкары Келечек жаштары коомдук фонду жана Асыл кенч коомдук фонду тарабынан төрт окуучуга эс алууга жолдомо жана кызыктыруучу баалуу белектер берилди, жолдомонун үчөөсү Ысык-Көлгө болсо, бирөөсү Бишкек шаарына эс алмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×