Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу 19.02.2014 15:59

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин кубогуна арналган КВН өткөркөрүлөт

Turmush -  Ош шаардык мэриянын алдындагы жаштар иштери боюнча комитети Жаштар иштери боюнча комитетинин кубогуна арнап 20-февраль күнү шаардагы аймактык кеңештердин мектептери арасында «Жаштыгым менин жыргалым» аталыштагы КВН конкурс өткөрүүдө.

Жаштар комитетинин башкы адиси Медербек Абдуманапов билдиргендей, КВН шаардагы «Семетей» кино театрында болуп, ага 10 мектептен курама командалар катышат.

М.Абдуманаповдун айтымында, өткөрүлүүчү иш-чаранын негизги максаты - мектептер арасындагы достукту чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар баалуу белектер жана сыйлыктарга ээ болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×