Turmush — Узап бара жаткан жыл өлкөдө билим берүүдө чоң өзгөрүүлөрдү алып келген жыл болду. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Аталган жарлыктын негизинде өлкөдөгү ири 5 окуу жай «Өзгөчө статус» алып, жогорку билим берүүнүн үлгүсү катары, дүйнөлүк окуу жайлардын алдынкы тизмесине кирүү милдеттендирилди. Анын сап башында Ош мамлекеттик уинверситети да бар. Ошондой эле окуу жайларга илим-билимди өндүрүшкө багытоо боюнча тапшырмалар коюлду. Өтүп бараткан жыл университетибиз үчүн да жемиштүү, өзгөрүүгө бай жылдардан болду.
Эл аралык таанууга ээ болуу үчүн көз карандысыз аккредитацияга жана рейтингге катышуунун мааниси чоң. Бул багытта QS дүйнөлүк рейтингдеги университеттердин катарына кирүү үчүн жол картасы иштелип чыгууда. Университетибиз Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын уюштурулган көз карандысыз рейтингтерде үзгүлтүксүз 1-орунду камсыздап келүүдө. Евразиялык көз карандысыз эл аралык рейтингинин жыйынтыгы боюнча Ош мамлекеттик университети эң мыкты ТОП-3 университеттин катарына кирди.
КРдин президентинин 13-апрелдеги жарлыгы менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы Ош мамлекеттик университетине өттү. Буйруса жакынкы күндөрү пайдубалы курулуп, шаардык клиника катары жалпы элге кызмат кылат. Аталган ири долбоор 4-муундагы университетке багыт алууга негизги өбөлгө болот. Бул да болсо мамлекет тарабынан биздин университетке болгон чоң ишенимдин белгиси. Мындан сырткары Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейи окуу жайыбыздын курамына кошулду. №12 кесиптик лицейинин аймагына жакынкы күндөрү «Жаштар борборун» курууну баштайбыз. Билим берүүдө эң оболу студенттерге келечектеги калыптануучу жөндөмдөргө үйрөтүү талабы коюлулуп жатат. Ушул багытта илим-өндүрүш-коммерциализация үчилтигин ишке ашырууга белсенип жатабыз.
Жаңы окуу жылынан тарта окутуунун кредиттик технологиясын толук түрдө университеттин окуу процессине киргиздик. Студент өзү каалаган дисциплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этет жана академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылып, дүйнөлүк рейтингдеги академиялык репутация менен байланышкан талаптарга жооп берет.
Акыркы эки жылда илимий долбоорлор үчүн 17 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Алгачкы жолу 5 багытта PhD докторантура ачылып, иштей баштады. Илимий журналдарынын ишмердүүлүгү Open Journal System (OJS) электрондук платформасына өткөрүлдү.
Бир жылда 40тан ашуун окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, эл аралык байланышыбыз бир топ кеңейди. Өлкөдөгү 5 окуу жай менен катар куттуу университетибиз Евразиялык тармактык университетке кирди. Бул багытта чоң деңгээлдеги иш пландарды мерчемдеп жатабыз.
Алгачкы жолу ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түзүлүп, эки жыл ОшМУда, эки жыл башка чет өлкөдөгү окуу жайда билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Кош дипломдуу эл аралык биргелешкен билим берүү программалары Кытай, Россия, Казакстан өлкөлөрү менен ийгиликтүү ишке ашууда. Алардын саны 20га жакындап калды. Учурда Урал мамлекеттик медициналык университетинде дарылоо иши жана стоматология адистиктери, Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети менен IT технология багыты боюнча келишимдер түзүлүп, 1-2-курстарда студенттер билим алып жатышат. Ошондой эле Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Испаниянын Кадис университети менен PhD боюнча кош диплом программасын ишке ашыра баштадык.
ОшМУда М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) борборун ачуу боюнча келишимге кол койдук. Анын алкагында 3 багыт боюнча кош диплом программаларын ишке ашыруу иштери кызуу жүрүүдө.
Академиялык мобилдүүлүк жана интернационализация багытында белгилүү ийгиликтерге жетүүдөбүз. Жыл сайын 500гө жакын студент (магистрант), 300гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 282 университетке барып, окуп, тажрыйба алмашып келүүдө.
ОшМУда испан тили жана маданият борбору, кыргыз-япон борбору, корей тили жана маданият борбору, «Инновациялык агро борбор», Санариптик көндүмдөр борбору, Казакстандагы Л.Н.Гумилов атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылды.
ОшМУнун филиалы Л.Н.Гумилов атындагы Евразия улуттук университетинде да ачыла турган болду. Окуу жайда 20дан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык курулуп, оңдоп-түзөөдөн өттү.
Атап айтсак, димедиус жана морфология окуу комплекси 2 кабаттуу эки окуу корпусунун, ОшМУнун жогорку билим берүү программалар мектебинин 5 кабаттуу окуу имаратынын, “Билим” лицейинин 3 кабаттуу окуу имаратынын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди.
Окуу жайды өндүрүштүк университетке айлантуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү» программасынын алкагында «Алдынкы тажрыйба борбору» ачылды.
Аталган долбоор Азия өнүктүрүү банкынан 1 млн доллар гранддын эсебинен каржыланды. Медициналык клиниканын операциялык, жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрү, 24 саат иштөөчү стоматологиялык клиника ишке кирди. Тез жардам унаасы алынды. Медицина, эл аралык медицина факультети толук капиталдык оңдоодон өттү. Лекциялык залдар акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар менен жабдылды. Пирогов анатомиялык столу, интерактивдүү 3D анатомиялык столдору алынды. «Ак-Буура» кампусунда спорттук аянтчалар заман талабына ылайык оңдолду.
Искусство факультетине кошумча кесиптик өзгөчөлүгүнө байланыштуу музыка адистигин даярдоого кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Маалымат борборуна жаңы үлгүдөгү акыркы каражаттар алынып, «Үмүт» телестудиясы, чоң актылар залы толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде ветеринардык клиникасынын, «Ак-Буура» кампусунда 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунун курулуштары башталды. Санарип чөйрөсүндө бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашырууда.
Университетте маалыматтардын көлөмү кеңейгендигине байланыштуу ОшМУнун Дата-борборуна 2 сервердик сактоочу жайга DEL тибиндеги кубаттуу 4 сервер орнотулду. Мындан улам дата-борбордун кубаттуулугу кеңейип, борбордук башкаруудагы компьютерлер түзүмү орнотулуп, санариптик жумуш оруну түзүлөт. ОшМУда «электрондук өздүк баракча» платформасы аркылуу ички рейтинг түзүмү аткарылып жатат. Электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук айланма баракча, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн шайлоо системасы, «ОшМУ окутуучу», «ОшМУ студент», «ОшМУ абитуриент» тиркемелери реалдуу иш-аракеттерде колдонулуп жатат.
Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык, ОшМУда атайын ойлоп табуучулардын чоң ордосу болгон «Жаштар бизнес паркы» түзүлүп, иштей баштады. 2022-2023-окуу жылынын ноябрынан тарта 1 ставкада эмгектенип жаткан катардагы окутуучуларга 3 миң, доцент, илимдин кандидаттарына 5 миң, профессор, илимдин докторлоруна 6 миң сом үстөк акы эмгек маянасына кошулду. Ал эми админстративдик-башкаруу кызматкерлерине 2 миңден 5 миңге чейин, окуу-көмөкчү кызматкерлерине (китепканачыларга да) 2 миң, админстративдик-чарба кызматкерлерине, коменданттарга 3 миң, вахтер, кароол жана жууп тазалоочу кызматкерлерге 1500дөн 2 миң сомго чейин төлөнүп берилди.
Көңүл бурчу жагдай 2011-жылы 1 ставкада эмгектенген илимдин доктору, профессор 13 440 сом өлчөмүндө айлык-маяна алса, азыркы учурда 62,965 сом төлөнүп берилүүдө. Бул анализ окуу жайдын беделин, өнүгүүсүн аныктап турат. Салтка айланган Жаңы жыл алдында бир айлык өлчөмүндө 13 сый акы ыйгарылды.
Университеттик спортту колдоо багытында да алгылыктуу иштер жүрүп жатат. «Университет-ОшМУ» волейбол кыздар жана балдар профессионалдык клубдары КРдин волейбол боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдеште 1-2-орундарды багындырып, КРВФнын президентинин кубогунда кыздар чемпион болсо, волейболчу жигиттер 3-орунга татыды. Мындан сырткары окуу жай ар тарабынан жаш спортчуларга колдоосун көрсөтүп, студенттерибиз бир топ жеңиштерди алып келди.
ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынан түзүлгөн команда Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн КРдин билим берүү жана илим кызматкерлеринин спартакиадасында спорттун бардык түрлөрүнөн мыкты ийгиликтерди жаратып, жалпы командалык эсепте 1-орунду алууга жетишти.
Быйылкы окуу жылында окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн 4 студентибиз президенттик стипендияга татыса, 10 студент студенттердин «Нобель» сыйлыгына айланган 1200 АКШ доллары өлчөмүндөгү «Атуулдук стипендиянын» ээлери болушту. Ошондой эле окутуучулар, студенттер билим, илим, спорт, маданият тармагы боюнча республикалык, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болууга жетишүүдө.
Келе жаткан жылды университет үчүн «Сергек жашоо жана ден соолук
жылы» деп жарыяладык. Эл аралык рейтингдердин талаптарына ылайык, университет 4.0 муунуна айлануу багытын эске алуу менен Ош мамлекеттик университетинин жаңы брендин иштеп чыгууну туура көрдүк. Брендди иштеп чыгууда университеттин бай тарыхын, учурдагы абалын жана келечек стратегиялык багыттарын эске алдык. Брендде университеттин фирмалык стили, түсү, тамгасы, слоганы болуп, баары бир логикалдуу чынжырчага байланат. Визиттик карточкадан тарта бардык иш-аракеттерде университеттин бренди чагылып туруусу абзел. Аталган бренд өндүрүштүк университетке айлануудагы ОшМУнун товардык белгиси катары кызмат кылат.