Turmush — 2022-жылы Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында бир катар алгылыктуу иштер аткарылды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айыл өкмөттөн кабар алды.
- Бекмолдо айыл аймагы Талас облусунун түндүк чыгышында жайгашкан. Түштүк-батыш жагынан Өмүралиев айыл аймагы, түндүк-чыгыш тарабынан И.Осмонкулов айыл аймагы менен чектешет. Облустун борборунан 45 км, райондун борборунан 52 км алыста турат. Деңиз деңгээлинен 1064 метр бийикте.
Бекмолдо айыл аймагында 2022-жылдын 1-январына карата калктын саны 6345 адамды, түтүндүн саны 1177 болгон.
Айыл өкмөттүн башчысы — Садык Бекназаров.
Иш кагаздары боюнча 2022-жылга маалымат:
2022-жылдын январь-декабрь айларында иш кагаздарынын номенклатурасы менен иш жүргүзүлдү. Жогорку органдардан 24 кат, Талас райондук мамлекеттик администрациясынан жана мекеме уюмдардан 416 кат, 45 буйрук келген жана аткарууга алынган.
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү боюнча 364 буйрук, 18 токтом чыгып, иш кагаздар менен иштер жүргүзүлүп жалпы 1326 кат алышуу болду. Бекмолдо айыл өкмөт башчысынп жыл ичинде жарандар 185 арыз менен кайрылып, 185 арызга жооп берилип, 5 арыз аткарууда турат. Айыл тургундарына жыл ичинде 3400 керектүү болгон аныктамалар берилип , анын ичинен 1120 аныктама санарип аймак аркылуу берилген.
2022-жылдын 9 айында өткөн элдик жыйындар, сессиялар жана токтомдор:
Бекмолдо айыл аймагында 2022-жылы 9 элдик жыйын өттү. Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттары тарабынан 2022-жылы 2 кезектүү жана 6 кезексиз сессия болуп, жалпы 64 токтом кабыл алынган.
Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү бюджети:
Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2022-жылдын 9 айында бардык салыктардын түшүшү боюнча белгиленген план 117 млн 125 миң 300 болсо, иш жүзүндө 171 млн 795 миң 541 сомдук төлөмдөр өндүрүлүп, өсүү темпи 147% түздү. Чыгаша бөлүмүнүн бекилген план тапшырма боюнча 161 млн 570 миң 600 сом болсо, иш жүзөндө 45 млн 457 миң 500 сомго иштер аткарылып, 27% түздү.
Бекмолдо айыл аймагынын айыл чарбасы тармагында:
Айыл чарба тармагында жүргүзүлгөн иштерге токтолсок, аймакта жаздык үрөндөрдү себүү басымдуулук кылат, быйылкы жылы жаздык буудай 302 га жерге айдалып, түшүмдүүлүгү гектарына 23,4 центнерден, көп жылдык чөп 453 га айдалып, түшүмдүүлүгү гектарына 66,6 центнерден, жаздык арпа 250 га жерге айдалып, түшүмдүүлүгү гектарына 17,5 центнерден, картошка жалпы 1150 га жерге айдалып, түшүмдүүлүгү гектарына 175 центнерден, фасоль 200 га жерге айдалып түшүмдүүлүгү 17,5 центнерден болду.
2022-жылдын түшүмү үчүн жаздык себүүсүнө аймактагы дыйкан, фермерлерди колдоо көрсөтүү багытында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу, Россия жана Казакстандан сатылып алынган үрөндөр Бекмолдо айыл аймагына райондук аграардык башкармалыгы аркылуу алынып келинип, товардык насыя аркылуу «Айыл банк» тарабынан келишимдер түзүлүп, дыйкандарга 14 тонна буудай, 7 тонна жаздык арпа жана 900 кг беде үрөндөрү таркатылып берилди.
Мал чарбачылыгы тармагындагы абалды туруктуу кармоо максатында ветеринардык тейлөө иштери жүргүзүлгөн. Бекмолдо айыл аймагы боюнча 2022-жылдын 1-январына карата бодо малдын жалпы саны 3195 башты түздү. Анын ичинен уйлар 1703 баш катталган. Жылкы 1389 баш, кой-эчки-21152 баш болгон.
Бекмолдо айыл аймагындагы малдардын арасында ветеринардык жана зооназный оорулардын алдын алуу боюнча жана кездешүүчү ар кандай жугуштуу ооруларга каршы алдын ала эмдөө, дарылоо жана текшерүүгө алуу өнөктөшүн уюштуруу иштери жүргүзүлгөн.
Бруцеллез оорусуна каршы 900 баш бодо мал, шарпка каршы 1500 баш мал, сибир жарасына каршы 500 баш бодо мал эмделди. Койлордун бруцеллез оорусуна каршы 900 баш, жылкылардын трипаносомасына каршы 97 баш эмделди.
Эхиноккоз ылаңына каршы 600 баш ит вакцина алган. Айыл аймакта жугуштуу кутурма, эхиноккоз, альвеококкоз ылаңдарынын алдыналууга жана аймакта жолбун иттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу, айыл тургундарынын коопсуздугун сактоо максатында 390 баш жолбун ит атылып, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 94 миң сом каралып, атайын таштанды полигонунан чуңкур казылып, көмүү иштери жүргүзүлгөн.
2021-жылдын 20-октябрындагы Айыл чарба иинистрлигинин №367 буйругуна ылайык жылкыларды идентификациялоо иштери жүргүзүлө баштаган. 2022-жылдын 10 айына карата жылкыларга чип 810 башка басылды. Бодо малга 500 башка басылды.
Мындан тышкары аймакта чөө жана карышкырларды атуу боюнча 1 жылда 6 чөө, 7 карышкыр атылды.
Жайыт жерди пайдалануу иштери боюнча:
Бекмолдо айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджети 2022-жылга карата салык төлөмү план боюнча 154 миң сом бекитилген. Жайыт комитети тарабынан 154 миң сом акча жайыт пайдалануучулардан жыйналып 100% пландан чыкты.
Жайыт комитетинин жыл ичинде аткарган иштери:
Суусамыр Корумду өзөнүндөгү Ийри-Суу булуңуна жайыт жерлерге кетчү болжолду 12 км жерге көпүрө жана жол салынып жалпы 66000 сом акча бөлүнүп берилген.
Бала-Чычкан жолун оңдоодо өздүк салым жана жайыт комитетинен 20000 сом акча бөлүнгөн. Чыбырга көпүрө жана жол салынып жайыт комитети тарабынан 15 миң сом бөлүнүп берилген.
«Альянс Алтын» ЖЧКнын техникалары тартылып, Бекмолдо айыл өкмөтү тарабынан керектелүүчү күйүүчү майы каржыланып, муниципалдык ишканасы тарабынан техникалык жардам көрсөтүлгөн.
Саламаттыкты сактоо багытында жүргүзүлгөн иштер:
Бекмолдо айыл аймагынын саламаттыкты сактоо тармагынын деңгээлин жогорулатуу жана айыл калкынын саламаттыгынын сапатын көтөрүү максатында калк арасында жугуштуу оорулар, СОVID-19 илдети боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аймакта СОVID-19 илдети боюнча дарылангандар жок. Жалпы Бекмолдо айыл аймагы боюнча 2022-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен:
1-доза вакцинаны 1482 адам алып, 73,5% түздү. 2-доза вакцинаны 1314 адам алып 65,1% түздү. 3-доза вакцинаны 445 адам алып, 44,5% түздү.
11-12-13-14 жаштагы 261 кызга АВП (адамдык папилома вирусу) боюнча вакцина берилип, жалпы план 93% аткарылды. Эмдөөдөн баш тарткандарга, дарыгерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүлүүдө. Бруцеллез оорусу менен 2 адам дарыланып, көзөмөлдө турушат.
Стратегиялык өнүгүү планынын 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча маалымат:
Бекмолдо айыл аймагында калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу жана аймакты көрктөндүрүү жашылдандыруу максатында иштер аткарылды. Алсак 2022-жылдын 1-мартынан тартып, 1-июнуна чейин айыл аймакта 3 айлык жүрүш жарыяланган. Айыл аймагындагы мекеме уюмдардын, мектептердин, айыл аймагындагы көчөлөр жана трасса бойлору иретке келтирилди. Калктын таштандылары 1 айда 2 жолу «Калыстык М.Т.С» муниципалдык ишканасы тарабынан бекер чыгарыла баштады.
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери боюнча Арал токой чарбасынан 42 даана ийне жалбырактуу көчөттөр жана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү алынып келинип, аймактагы коомдук объектердин, социалдык жайлардын тегерегине тигилди. Айыл тургундар тарабынан да жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп алма, алмурут, ак кайың жана теректер көчөттөрү олтургузулду. «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында Кеңеш айылынын трасса боюна тосмо тосуу жана 1100 метр жер аянтын жашылдандыруу иштери каралууда.
Аймактагы сугат каналдарын тазалоо иштери боюнча:
Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылындагы Таш-Төбө каналынын оңдоп-түздөө иштерине 1 млн 209 миң 516 сом каралып, каналдын ичи тазаланып, сууну нугун буруу, 150 метр жерин бетондоо жана 4 жерге шлюз коюу иштери бүтү. Жытйынтыгында сууну агымы тез агып, айдоо аянттарын өз убагында суугарууга мүмкүнчүлүктөр жогорулады.
Сасык-Булак айылынын Кара-Таш арыгынын оңдоп-түздөө иштерине 43 миң 200 сом каралып, айыл тургундары менен биргеликте оңдоо иштери жүргүзүлүп, айдоо аянттары сугат суу менен камсыздалды. Аймактагы ички арыктар, каналдар дыйкандар менен биргеликте өз убагында тазаланды.
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жарандык коргоо боюнча аткарылган иштери:
Кара-Ой айылындагы Таш-Төбө участкасында жайгашкан Кенжебай, Кара-Баш, Чөл сайларында жыл сайын сел жүргөнүгүнө байланыштуу, элдин кайрылуусунун негизинде 3 дамба жасалып, кол тийгиз акча каражатынын эсебинен бүткөрүлдү.
Айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде Кара-Ой айылындагы Таштанбек бөлүгүндө жайгашкан жаңы дренаж казылып бүткөрүлгөн.
Кеңеш айылындагы сел өтүүчү каналды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Кеңеш айылындагы 1400 метр жерге дренаж казылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Чоң-Токой айылында 2022-жылдын 24-июнунда болуп өткөн селдин кесепетинен жолдор, арыктар жабыркаган. Жабыркаган жолдордуу оңдоо, түзөө иштерине «Альянс Алтын» ЖЧКсынын техникалары жана Бекмолдо айыл аймагына караштуу «Калыстык М.Т.С» муниципалдык ишканасынын техникалары тартылып, Айнабай-Сайы, Бүркүт-Уя, Мүрдөлүү-Кокту, Кызыл-Таш сайларына 4 дамба жасалган. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн кол тийгис каражатынын эсебинен жалпы 1 млн 27 миң сом каралып, жумуштар бүткөрүлдү.
Таза суу:
Бекмолдо айыл аймагында Кара-Ой айылында гана таза суу түтуктөрү орнотулуп, тургундар ичүүчү таза суу менен камсыз болушкан. Суу түтүктөрүн капиталдык оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен жалпы 3,3 млн сом каралып, бүгүнкү күнгө бүткөрүлүүдө. Жаңы конуштарга таза суу жеткирүү үчүн жана суунун көлөмүн жогорулатуу максатында кошумча резервуар куруу маселеси да каралууда.
Мындан ташкары калган Сасык-булак, Кеңеш жана Чоң-Токой айыдарындагы жергиликтүү тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында долбоордук сметалык документтери даярдалууда. Мамлекеттик экспертизадан кагаз иштери бүткөрүлүп, аталган айылдарга таза суу киргизүү 2023-жылы ишке ашыруу жагы пландалууда.
Айыл чарба тармагынын техникалык базасын чыңдоо:
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн астында «Калыстык М.Т.С» муниципалдык ишканасы ачылган. Муниципалдык ишкананын балансына 17 айыл чарба техникалары өткөрүлүп, штаттык бирдиги айылдык кеңеш тарабынан бекитилип берилген. 2022-жылда айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында «Калыстык М.Т.С» муниципалдык ишканасына 5 млн 923 миң сомго техникалык шаймандар алынган.
Алынган техникалык шаймандар:
4 даана сепкич, 2 даана топурак майдалагыч, 1 даана жөөк салгыч алынды. Эксковатор 11 млн 88 миң сомго алынды. Техникага запастык бөлүктөр 2 млн 107 миң 700 сомго алынып, «Калыстык М.Т.С» муниципалдык ишканасынын техникаларына ондоо иштери жүргүзүлдү. Аймактагы дыйкандарды айдап-себүүдө, чөп чабыкта, эгиндерди оруп жыйноодо тейлөө сапаты жакшыртылып, сырттан келген техникаларга караганда учурунда бир топ арзан тейлешип, түшүмдү оруп жыйноо өнөктүгү өз учурунда бүткөрүлгөн.
Курулуш иштери боюнча:
Кара-Ой айылында курулуп жаткан спорт комплекстин курулуш иштери жүрүп жатат.
Кара-Ой айылынын негизги көчөлөрүн асфальттоо иштерине 20% акчасы которулуп берилген.
Чоң-Токой айылынын жолдоруна кум шагыл төгүлүп, түздөтүү иштери жыйынтыкталууда. Жолду оңдоо иштерине 4 млн 575 миң 598 сом берилген.
Чоң-Токой айылынын Эркебай көчөсүнүн жолун асфальттоо үчүн керектүү иш кагаздары бүткөрүлүүдө.
Айыл өкмөтүнүн кеңсесине 116 миң сомго суу киргизилген.
Кара-Ой айылынын ФАПна суу киргизүү иштерине 89722 сом каралып, иштер бүткөрүлүүдө. Ошондой эле 49 миң 778 сомго кир жуучу машина жана башка керектелүүчү эмеректери алынып берилет.
Жакып Молдосан атындагы бала бакчанын очокканасын салуу иштерине 112 829 сом каралып, салынып жатат.
Хан Бүргө орто мектебинин айнектери 177 293 сомго жаңыртылды.
Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин башталгыч классын ремонттоо иштери үчүн 277 миң 125 сом каралып, иштер бүткөрүлдү.
Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдетүү камсыздандыруу боюнча:
Бекмолдо айыл аймагы боюнча жыл ичинде жеке жарандардын 106 турак жайЫ камсыздандырылып, полистер жазылып берилди. Соцобъектилерди милдетүү камсыздандыруу максатында аймактагы 4 мектеп, бала бакча, айыл өкмөтүнүн кеңсеси жана башка жалпы 8 соцобъект камсыздандыруудан өткөрүлдү.
Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданий мекемелердин негизги каражаттарына болгон салымдар:
Бекмолдо айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо, маданият тармагына материалдык базаларын чыңдоо жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында бир топ иштер аткарылды.
Алар:
2022-жылда Асылкан Бөрүбаев, Жумагул уулу Алымкул, Гүлай Орозалиева, Хан Бүргө атындагы орто мектептеринин жайкы ремонт иштерине 478,0 миң жана керектелүүчү материалдарды алууга 387,0 миң сом айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилди.
Мектептерге эмеректерди алууга 774000 сом бөлүнгөн. 4 мектептин техникалык базаларды чыңдоо максатында 3 млн 652 миң 157 сом каралып, интерактивдүү доскалар, компьютерлер жана керектелүүчү каражаттар алыныды.
Окуу предметтик китептерди алууга 617080 сом бөлүнүп, окуу жылынын башталышына карата мектеп окуучулары жетишпеген китептер менен камсыз болушту.
Аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер 260616 сомго компьютердик жабдыктар алынды. Г.Орозалиева орто мектебинин суу түтуктөрүн оңдоо иштерине 30000 сом берилген.
Жумагул уулу Алымкул орто мектебине электр плита алуу үчүн 15 500 сом бөлүнүп берилген. №8, №9 китепкана бөлүмдөрүнө 337 миң сомго керектүү эмеректер алынды.
Айыл өкмөтүнө, маданият үйүнө 93 миң 473 сом бөлүнүп, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлүп, жалюзилер тагылды.
Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү жана калкты социалдык жактан коргоо багытында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө. Киреше денгээли боюнча:
2022-жылдын IV кварталына карата 230 аз камсыз үй-бүлө бар деп табылды. Кедейчиликтин деңгээли 19,5% түздү.
Алар:
0-1000 сомго чейин 134 үй-бүлө же 11,4% 1000-1475,5 сомго чейин акча табат. 36 үй-бүлө же 3 % 1475,5-2723,3 сомго чейин, 60 үй-бүлө же 5,1% табат. Жакырчылыктан чыккан үй-бүлө 10 үй-бүлө же 0,8% түзөт.
Бекмолдо айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген 150 адам каттоодо турат. Анын ичинен 18 жашка чейинкиси 50 бала. 4 бала ДЦП диагнозу менен каттоодо турат.
Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан келген долбоор аркылуу «Социалдык келишим» программасынын алкагында Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен келишим түзүлүп, саан уй алуу үчүн Сасык-Булак айылынын аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 2 үй-бүлөгө жана кыздын себин тигүү үчүн үй бүлөгө 100 миң сомдон берилип, жакырчылыктан чыгарылды.
3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата 18-жашка чейинки балдары бар 52 үй-бүлөөгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 000 сом таркатылып берилген.
Көмүр жана электр энергия боюнча болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен, күз –кыш мезгилинде өз убагында даярдык көрүү үчүн Бекмолдо айыл аймагынын калкын жетишээрлик денгээлде көмүр отуну менен камсыздоо максатында көмүр отунун алып келүүгө оор жүк ташуучу унаалар тартылып, Бекмолдо айыл аймагынын калкына 5500 сомдон көмүр таркатылды. Жалпы 88 тонна көмүр болду.
Аймактагы көмүр менен жылытылган мектеп жана бала бакчага 100 тонна көмүр түшүрүлүп, толугу менен камсыздалышты. Соцобъектердин электр энергияга болгон төлөмдөрү да өз убагында төлөнүп турат.
Жалпы социалдык жана маданий иш-чаралар:
Бекмолдо айыл аймагында жыл ичинде бир катар маданий иш-чаралар өткөрҮлдү. Афган согушуна, Улуу Ата Мекендик согушуна катышкан ардагерлерибизди жана согушта курман болгон жоокерлерибиздин, оруктун катышуучуларына, Баткен коогалаңынын эскерүү максатында маданий иш-чаралар өткөрүлүп ардагерлерибизге жана алардын үйбүлөлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Энелер күнүнө, аялдардын эл аралык күнүнө, Балдарды коргоо күнүнө, Эгемендүүлүк күндөрүнө жана башка маанилүү даталарда Бекмолдо айыл аймагында маданий иш-чаралар өткөрүлгөн.
3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата 150 миң сом бөлүнүп, таркатылып берилген.
Жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо максатында муктаждыктарына 60 миң сом бөлүнүп берилди.
Оорулуу айыл тургундарга жардам катары операция жана дарыланып келүүлөрүнө 430 миң сом каралып, жардамдар көрсөтүлдү.
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата республикалык деңгээлде өткөрүлгөн акын-жазуучулардын сынагынын байге фондусуна жана маданий иш-чараларды уюштурууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 900 миң сом каралып, иш-чара өткөрүлдү.
2022-жылдын сентябрь айында болуп өткөн Баткендеги өзгөчө кырдаалга байланыштуу, жабыр тарткан Баткен облусуна жардам катары Бекмолдо айылдык кеңешинин чечими менен 500 миң сом которулуп берилди.
Мындан тышкары ар бир айылда ыкчам штаб түзүлүп, Баткен облусунун тургундарына материалдык жардам катары элден 33 миң 700 сом, 25 кап картошка, 11 кап ар кандай жылуу кийим-кечелер, 15 кг ун азыктары, суусундуктар чогултулуп, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Айыл өкмөт кызматкерлеринин 1 күндүк эмгек акылары (21521 сом) жана айылдык кенештин депутаттары тарабынан жалпы 10500 сом акча топтолуп, которулуп берилди.
2022-жылда Бекмолдо айыл аймагында «Альянс Алтын» фондунун демөөрчүлүк кылган иштери:
Энелер күнүнө, 8 март майрамына карата апаларга белектер берилген. 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата балмуздактар таркатылып, оюндар уюштурулду. Мектептерге окуу китептерин жана спорттук каражаттарын алып беришти. Эгемендүүлүктүн 31-жылдыгына карата спорт оюндары уюштурулган. «Браво» кыздардын бий тобунун Казакстанда болуп өткөн эл аралык бий сынакка катышып келүүсү үчүн 330 миң сом бөлүп берип, кыздар 1-орунга ээ болуп кайтышты.
Спорттук иш-чаралар:
2022-жылдын спорт оюндарынын машыгууларына республикалык, эл аралык, облустук мелдештерге спортчулардын катышуусу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Алар эл аралык, республикалык, облустук, райондук мелдештерде татыктуу орундарды багындырып келишүүдө.