Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 19.02.2014 13:57

Ошто окуучулар арасында «Китеп жана биз» аталышында сынак болуп, 5 орундун жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Бүгүн, 19-февраль күнү республиканын түштүк аймагындагы мектеп окуучуларынын арасында Ош шаарында «Китеп жана биз» аталышта сынак болуп өттү. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.

Анын айтымында, аталган сынакка жалпысынан болуп 70тей окуучу катышып, алар «Китеп жана биз» темасында дил баян жазышты.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Кара-Суу районунан Айзирек Эркин кызы ээлеп, букридер белек кылынды, 2-орунду Айзирек Бахтиярова ээлеп, Ч.Айтматовдун 8 томдук китеби, 3-орунду Ноокат районунан Жаңылай Рахманали кызы алып, Т.Касымбековдун 8 томдук китеби тапшырылды. Ал эми 4-орунду Өзгөн районунан Зейнеп Бактыбек кызы, 5-орунду Кара-Суу районунун мектеп-интернатынан Керемет Абдраимова ээлеп, Ардак грамота жана сыйлуу белектер ыйгарылды.

«Өткөрүлгөн сынак «Курдаш» журналынын уюштуруусу жана жаш ишкерлер ассоцияциясынын колдоосу менен ишке ашты. Ал эми мындай иш-чаралар 2 ай сайын өтөрүлмөкчү»,- дейт К.Кимсанов.

Анын айтымында, бүгүнкү сынактын максаты - окуучуларды китеп окууга жана билимин өркүндөтүүгө көмөктөшүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×