Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 19.02.2014 12:20

Быйыл Талас районунда 4 бала бакча ишке киргизилет

Turmush -  Быйылкы жылы Талас районунда түрткү берүүчү гранттарды жана эл аралык донорлордун каражаттарын тартуунун эсебинен 4 бала бакчаны ишке киргизүү пландаштырылууда, дейт аталган райондун акиминини орун басары Азият Жаркыналиева. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары айыл өкмөттөрүнүн салымы менен Кызыл-Туу айылындагы 140 орундуу бала-бакчанын, Сасык-Булак айылындагы 200 орундуу бала бакчанын, Кууганды айылындагы эски мектептин иараттары оңдолуп пайдаланууга берилет.

Ал эми азыркы учурда Көк-Кашат айылындагы А.Огомбаев атындагы, Коучак айылындагы М.Мамбетов атындагы орто мектептердин курулуштары жүрүп жатат. Бул курулуштарды аткарууга мамлекет тарабынан 163 млн сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×