Turmush — Ысык-Ата районунда энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди. Анда бир катар кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Ысык-Ата районунун калкын Кант жана Ысык-Ата электр түйүндөрү ишканалары тейлейт.
Район башчысы Алмазбек Осмонов, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев Кант электр түйүндөрү ишканасына барып, энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, учурда бардык жумуш, турмуш-тиричилик электр энергиясына көз каранды экендигин белгилеп, райондун калкын, экономика тармагын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздап жаткан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, бул тармактын жетишкендиктерине токтолушту.
Эки райондук электр түйүндөр ишканаларынын бир катар кызматкерлерине Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, Кант шаардык мэриясынын ардак грамоталары тапшырылды.