Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 19.02.2014 09:34

Ош шаарынын мэри көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп интернатынын абалы менен таанышты

Turmush -  Кечээ, 18-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кулатов кичи районундагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп интернатына барды. Бул туралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шаар мэри интернаттагы балдардын акыбалын сурап, жашоосу менен жакындан таанышууну максат кылган.

Шаар башчысы балдардын жашоосу менен таанышуу учурунда спорт зал, тамактануучу жай, уктоочу бөлмөлөрдө түзүлгөн шарттарга баа берди. Ошондой эле Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 5 даана жылыткыч тапшырып,андан тышкары жеке резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берүүнү убада кылды.

Мектеп директору Айгул Кудайкулованын айтымында, көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп интернаты 2003-жылы ачылган. Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынан келген 105 бала тарбияланат.

«Балдардын билим алуусуна шарттар түзүлгөн, мындай аракет долбоорлор менен иш алып баруунун натыйжасында жетиштик», - дейт А.Кудайкулова.

Жолугушуунун аягында балдар келген конокторго чакан концерттик программа тартуулап, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×