Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу 27.01.2014 16:42

Ысык-Көл театрына түшкөн киреше өткөн жылы 510 миң 819 сомду түзгөн

Turmush -  Өткөн театралдык мезгилде Ысык-Көл музыкалык драма театрында 13 минден ашык көрүүчү катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Театрдын администрациясынын маалыматында, Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры өткөн театралдык мезгилде 4 спектакль даярдап, 163 ирет сахнага коюшкан. Облус боюнча 13 минден ашык көрүүчү театрга келген.

Жалпысынан спектаклдерден түшкөн киреше өткөн жылы 510 миң 819 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×