Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 87 жаштагы тургуну — мугалим Воликов Петр Иванович каза болду.
Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, ал 50 жылдан ашык мектепте сүрөт сабагын окутуп, шаардык жана райондук бардык иш-чараларда сүрөтчү (фотограф) болчу. Анын бою кичинекей болгондуктан тургундар «карандашик» деп аташчу.
Петр Воликов 1940-жылы 5 жашында ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келген.
Маркум акыркы маектеринин биринде: «Искусство түбөлүктүү жана кереметүү. Анткени дүйнөгө кооздукту жана жакшылыкты алып келет. Баары театр, музей, көргөзмөлөргө, сүрөт сабактарына барышы керек. Жан дүйнө адамда адамдык касиеттерди түптөйт. Сөзсүз маданият үйлөрүн калыбына келтирип, балдар үчүн ийримдерди ачуу керек», - деп билдирген.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Уникальные видеоистории о жителях регионов Кыргызстана в Инстаграме