Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.02.2014 18:58

Чаткал районунун Ак-Таш айылында орто мектептин жаңы имараты курулат

Turmush -  Чаткал районунун Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы мектептин авариялык абалга тушукканына бир топ жыл болгон. Жакында бул маселе чечилмей болду, тактап айтканда, аталган мектепке жаңы имарат куруу чечими кабыл алынды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, эми жаңырган жылда өлкө боюнча республикалык бюджеттен төрт мектеп курула турган болсо, анын бири катары Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек орто мектеби аталды.

Эми Ак-Таш айылынын мектеп окуучулары келерки жаңы окуу жылын заманбап, типтүү мектепте улантмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×