Turmush — Ажиев Кадырбек Замирович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Мураталы Тагаев 19-декабрда кол койгон.
К.Ажиев буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Жети-Өгүз райондук башкармалыгында ар кандай кызматтарда иштеген.
Ал эми Дархан айыл аймагынын буга чейинки башчысы Нурдин Жусупов өз каалоосу менен кызматтан кеткен.