Turmush — Аймактык кабарчы Кара-Буура районундагы айыл өкмөттөрдүн имараты кайсы жылы курулгандыгы жана алардын бюджети боюнча маалыматтарды топтоду. Райондо 10 айыл өкмөт бар.
Алар:
1. Ак-Чий айыл аймагы;
2. Аманбаев айыл аймагы;
3. Бакайыр айыл аймагы;
4. Бакыян айыл аймагы;
5. Бейшеке айыл аймагы;
6. Кара-Буура айыл аймагы;
7. Көк-Сай айыл аймагы;
8. Маймак айыл аймагы;
9. Чолпонбай айыл аймагы;
10. Шекер айыл аймагы.
Маймак айыл өкмөтү:
Маймак айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 737 миң гектарды түзөт. Айыл өкмөттүн имараты 1933-жылы курулган. 2018-жылы 1 млн 500 миң сомго оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Айыл аймакта 1 мектеп бар. 2022-жылы февраль айында 18 млн 272 миң сомго 50 орундуу жаңы бала бакча курулган. «Маймак» темир жол станциясы бар.
Айыл өкмөт башчысы Ташибекова Алима Бакузеевна. Калктын саны — 834 адам. 2022-жылдагы жалпы бюджети 3 млн 600 сом.
Бакыян айыл өкмөтү:
Бакыян айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 2240 гектар. Айыл өкмөтүнүн имараты 2007-жылы курулган. 2017-жылы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кошумча кабинеттер салынган. Ага 2 млн 647 миң 142 сом акча жумшалган. Айыл аймакта 1 мектеп, 2 бала бакча бар. Анын курамына Бакыян, Тамчы-Булак, Камаш айылдары кирет.
Айыл өкмөт башчысы Абылгазиев Мирлан Молдалиевич. Калктын саны — 3970 адам. 2022-жылга жалпы бюджет 6 млн 728,5 миң сомду түздү. Анын теңдөөчү грант 1 млн 832 миң сом, жергиликтүү бюджет 4 млн 896,5 миң сом.
Шекер айыл өкмөтү:
Шекер айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 11167 гектарды түзөт. Айыл өкмөттүн имараты 1950-жылы курулган. 2013-жылы 3 млн 700 миң сомго стим грант аркылуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Айыл өкмөт башчысы Кемелбек уулу Максат. Калктын саны — 6406 адам. Шекер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жалпы бюджети 7 млн 613 миң 400 сом.
Башка айыл өкмөттөрдүн бюджеттери жөнүндө маалыматы биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.