Turmush — Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Токбай-Талаа айылынын тургуну Уланбек Мамытов мергенчилер менен жүрүп, көптөгөн окуяларга туш болгон. Мергенчилик сүйүктүү кесиби экенин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
«Алгач атамдын мылтыгы менен кекилик атып баштагам. Ал кезде 7-класста окуйт болчумун. Балдар менен жүрүп, суур да атып калчумун. Кийин окууну аяктап, мал чарбачылык менен алектенип калдым. Таякем мергенчи эле. Ошол киши ээрчитип жүрүп, капкан койгонду үйрөттү. Тоо текелерди атканы барганда, аскага мени кошо ала барат эле. Ошентип чогуу жүрүп, мергенчиликти өздөштүрдүм. Бул менин сүйгөн кесибим да. Эң башкысы өзүмдө кызыгуу болгон. Мергенчи болуп калышыма эч ким түрткү болгон жок. Өзүм абдан кызыкчумун. Негизинен тага журтум мергенчилик менен алектенишкен. Чоң атам дагы мергенчи болгон экен», - деди ал.
Анын айтымында, жырткычтардын ичинен карышкыр абдан акылдуу болот.
«Карышкырлар жөнүндө сүйлөсөм, өтө акылдуу болушат. Ар бир эле туш келген мергенчиге аттырбайт. Дүйнөдө карышкырдай акылдуу жаныбар жок. Абдан сергек, сезимтал болот. Мунун акылын уурдаш керек. Күндүз дүрбүлөп карай бересиң.
Карышкырлар кыштын күндөрү 7-10дон болуп жүрүшөт. Аны көргөндө эле дароо атпайсың, ага көөп мээнет кыласың. Бийик дөңгө чыгып алып, дүрбү менен 2 саатка чукул аңдыйсын. Ошол бийик дөбөдө "бул карышкырдын изи, бул болсо эликтин изи, мына адамдын, ал эми бул жылкыныкы" деп из кубалайбыз. Карышкырлар болсо, адамдын буту баспаган жакка барып жатып алышат. Алардын арасынан бир карышкыр кароолчу болот. Кароол боло турган карышкыр дөңдүн эң бийигине чыгып, баары көрүнүп турган жерде турат. Ал 10 мүнөт сайын бирден башын көтөрүп, "адам барбы же жокпу" деп карап, кайра ордуна барып жатып алат. Аскерлер айтмакчы, бир карышкыр үйүрүн карап, кайтарууда турат. Аларды атыш үчүн план түзүп, чоң мээнет менен жок кыласың», - деди ал.
Мергенчи эл көп барбаган аскаларда жапайы киши жашайт деген пикирде.
«Бир кыздуу болгон кезим. Кеч күздө айылдагы аксакалдар менен өкмөттөн лицензия алып, төртөөбүз же 5 киши болуп кийикке барат элек. Эң кичинекей жаш бала мен элем. Сентябрь жана октябрь айларында кийиктер семирип, оңолуп калат. Ошол мезгилде аксакалдар менен Дардаң-Көл деген жерге барып калдык. Барсак, ал жерде башка мергенчилер бар экен. Күн кеч болуп кеткен эле. Алар бизге "кеч болуп кетти, ушул жерде эле биз менен чогуу жатып калгыла" деп калышты. Бирөөсү менден улуураак, калган экөө жаш балдар экен. Ошентип аттарыбызды ошол жердеги карагайларга байлап койдук. Өзүбүз ошол мергенчилер менен сүйлөшүп, түнкү саат 01:00гө чейин отурдук. Алар тамак кылышкан экен, биз дагы тамак жасап, чай кайнаттык. Бизге "жапайы адамды көрдүк" деп айтып калышты, биз ишенген жокпуз. Бирок чындык экен.
Биздин улуу, 1966-жылкы мергенчилер жапайы адамга жолугуп калышыптыр. Мурун мергенчилердин бирөөсү кийик атайын деп зоонун башында отуруп, калгандары үркүтүп берүү үчүн төмөн жакка түшүшөт. Ылдыйдагы мергенчилер кийикти үркүтүп беришет. Ал эми зоонун башындагы бир мергенчи болсо, окторун салып даярдап турат. Кийиктерди үркүтүп бергенден кийин аскадагы мергенчи кийикти атайын деп турса, бир маалда таш кулайт имиш. Шыгыр-шыгыр этсе, аскадагы мергенчи баш көтөрбөй жатат. Эгер башын көтөрсө, кийиктер көрүп, качып кетиши дагы толук мүмкүн да. Анан эле жанагы жалгыз аскадагы мергенчинин жанында капкара түгү бар, маймыл сындуу жапайы адам пайда болот экен. Аны көргөн жанагы жалгыз мергенчи колунда турган мылтыгын таштап, катуу коркуп, таштан ташка кулап качып, сайга түшөт. Аскадан кулап, жону сыйрылып, эс-учун жоготуп жатып калат. Бир маалда өзүнө келсе, шериктери жанында экен, "эмне болуп кулап кеттиң?" деп сурашат. Мергенчи унчукпайт, тил-ооздон калат, такыр сүйлөбөйт. Анан шериктери буга эмне болгон деп мылтыктарын деле таштап, айылга кишини көтөрүп, атка мингизип алып келишет. Анан молдого алып барса, "коркуп калган турбайбы" деп айыктырганга аракет кылышат. Бир топ күн өткөн соң гана жанагы мергенчи сүйлөй баштайт. "Жапайы киши көрдүм. Ал 10 метр алыста мени карап турду. Анан мылтыкты таштаган бойдон аскадан кулап, качып түшкөм" дептир. Жанындагылар "мылтык каякта калды эле" деп сурашса, бир жерди айтат экен. Кийинчерээк ошол жерге мылтыгын караганы барса, ошол бойдон жатыптыр. Тебетейине мылтыктын огун салып даярдаган экен. Баары өзүнүн ордунда имиш. Ошентип жапайы киши бар экен деп калдык.
Анан биз Дардаң-Көлдөн жолуктурган мергенчилер менен коштошуп, андан ары сапарыбызды уладык. Алар ордунда калып, биз аксакалдар менен Андакул деген жерге кетип калдык. Окуяны уккан соң, "түктүү адам бар экен да" деп, андан ары сапар улап, тоого чыгып кеттик. Түнү аталабызды бышырып, курсагыбызды тойгузуп, ашкан аталаны баштыкка салып, көтөрүп чыгып кеттик. Эртең мененки саат 09:00 чамасында кийиктерди үркүтөбүз. Ары жакты карасак жок, бери жакты карасак жок. Аксакалдар чатыр жакта калып, алар кыйкырып аткыласа деле кийик жок. Бир күн алдын көргөн кийиктер да байкалбайт. Көрсө, кийиктер түндө эле Алайдын Көк-Суусуна ашып кетип калышыптыр. Анан таң калып эле аларды бийик аскадан көрүп, кайра артка түшүп келе бердик. Түшүп келе жатып, чоң-чоң издерди көрдүк. Өтүктөрдүн бөлөкчө издери экен. Аюунун деле изи эмес. Эртеси аксакалдарга "ушундай из көрдүм" деп айтсам, аюунун изи дешти.
Анын эртеси Үч-Коо деген жерге чыктык. Ал жактан Кылчыкенин зоосуна чыгып, ал жерден балдар "кийиктерди сен үркүтүп бер" деп суранышты. Алар менен "мен үркүтүп берип, кете берем" деп сүйлөшкөм. Силер да кеч кирсе, түшө бергиле деп макулдаштык. Мен андан ары кыраңга чыгып кеттим. Карасам, 14кө чукул кийик бар экен. Аларды берки шериктериме үркүтүп бердим. Кеч кирип, күн уясына батайын деп калды. Анан түшүп кете берейин деп, ылдыйга түшүп кеттим. Үстү жактагы эки жигит үрккөн кийиктерди аткылап эле калышты. Мен алар менен сүйлөшкөндөй, аларды күтпөй эле кетип калдым. Бир сааттан кийин артымдан алар түшүп келишти. "Эмне болду?" деп сурасам, "кара формачан киши жүрүптүр, бул биздин балдардан эмес. Кеч киргенде, бул эмне үчүн кыраңга кетип жатат?" дешиптир. Анан авамдын баласы дүрбүсү менен караса, тиштери, азуулары чыккан түктүү адам экен. Көрүп алып дүрбүсүн ала коюп эле, мылтыгын жонуна койгон авам биз жакты көздөй качат. Ошол бойдон артын карабай, качып түшүп баса берет. Анан аркы жактан атчан дагы бирөө ошол жапайы кишини көрөт. Ал "биздин балдардын формасы сары эле, бул кара формачан киши го. Кеч киргенде өйдөнү көздөй кетип жатат" дейт аксакал. Эртеси авам жапайы киши экенин айтып, аксакал да кеч киргенде "өйдөнү көздөй кеткенин көрдүм" деп жапайы киши тууралуу сөзү бир жерден чыгат. Биз уккан окуя чындык болуп чыкты. Азыр деле эл көп барбаган аскаларда жапайы киши жашайт окшойт. Ошентип авамдын да оозуна учук чыгып, катуу коркуп калыптыр. Кийинки жылы таппай койдук, көрбөй да калдык», - деди мергенчи.
Каарманыбыз егерь болуп 2016-жылы жумушка кирген. Ал жерде жыл сайын мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен тоо кийиктерин санап, сактоо максатында тактоо жүргүзүүдө жердин тактикасын билгендиги үчүн жумушка кабыл алынат. Жер көрсөтүп, жан-жаныбарларды санап, каттоодон өткөрүүгө салымын кошуп келет.
Анын айтымында, жаратылыш бири-бирин жеп, санитардык абал сакталып турат. Алар департамент менен карып, баса албай калган эркек кийиктерди лицензия менен атып турарын кошумчалады. Жаш кезинде түшүнбөй, кийик аткан күндөрүнө өкүнөт. Азыркы убакта жаныбарларды сактап, кийинки муунга өткөрүп берип, алар дагы кайберендерди көрүп-билсин дейт.
Мергенчи Уланбек Мамытов 6 кыздын атасы жана 2 неберенин таятасы. Мындан бир жыл мурун Россияга эмгектенүү максатында чыгып кеткен. Учурда Москвада эмгектенип жүрөт. Кыргызстанга келсе, егерлик ишин улантууну көздөөдө.
Буга чейин Turmush басылмасына Ат-Башы районунун адам буту баспаган аймактарында киши кийик жашайт деген аңыз кептерге байланыштуу окуялар тууралуу Нарын облусундагы чек арачылардын ардагерлер кеңешинин төрагасы, ардактуу эс алуудагы чек арачы, бир нече сыйлыктын ээси Жаныбек Асанов айтып берген.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...