Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 18.02.2014 12:39

Ноокат районунда окуучулар арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча олимпиада өткөрүлүүдө

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабяты боюнча олимпиада өткөрүлүүдө. Бул туурасында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Зайнабадин Мамасадыков билдирди.

Олимпиада Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 30-январындагы № 22 буйругуна ылайык Ноокат районунун жалпы орто билим берүү уюмдарынын кыргыз тили жана адабияты боюнча «Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде», деген теманын астында уюшулган.

Олимпиаданын аймактык этабы өткөрүлүп башталды.

Маалымдагандай олимпиада негизинен эссе формасындагы жазуу иштери, көркөм окуу, көркөм чыгармачылыгы, кыргыз тилин өнүктүрүүгө, кыргыз тили жана адабияты сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана балдардын инсандык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө карата даярдалган долбоорлорду жактоо багытында каралган.

Бул багыттарга ар бир мектептен аймактарда бирден окуучу катышып, алардын кыргыз тилине болгон билими, тилге болгон мамилеси кеңири талкууланууда.

Аталган сынактын аймактык этабы райондогу орто мектебинде өткөрүлүп, жеңүүчү окуучулар олимпиаданын райондук этабына жолдомо алышты.

Сынактын райондук этабы 2014-жылдын 1-мартында А.Беруний орто мектебинде өткөрүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×